Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:02

ИРАКТА ДАГЫ БИР ӨКМӨТТҮК КЫЗМАТКЕР КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ


Бүгүн эртең менен (жекшембиде) Ирактын билим берүү министрлигинин жогорку кызматкери ок жеп, каза болду. Кечээ болсо Багдадда өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары атып өлтүрүлгөн. Ал эми Киркукта күрддөрдүн диний лидери киши колдуу болду. Вашингтон администрациясы күчөп бараткан куралдуу адабатка карабай, Ирактын суверендүүлүгү белгиленген мөөнөттө, 30-июнда кайтарылып берет деп ырастады.

Ирактын билим берүү министрлигинде маданий байланыштар департаментин жетектеп келген Камал Яррах үйүнөн чыгып бараткан жеринен аткыланган. Багдаддагы Ярмук ооруканасынын дарыгери Хадад “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей:

- Эртең менен саат 7 жарымдарда Камаль Яррах оор абалда биздин клиникага алынып келди. Биз аны тез жардам көрсөтүү бөлмөсүнө кабыл алдык. Бирок ал көп узабай, бир-эки мүнөттөн кийин эле көз жумду. Биз ага алгачкы жардам берүүгө да үлгүрбөй калдык. Камал көкүрөгүнөн, аш казанынан, колу бутунан жарадар болгон.

Кечээ болсо өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Бассам Кубба ушундай эле жагдайда набыт болгон. Ага кол салуу баш калаанын Азимия деген чөлкөмүндө болгон. Бул райондо сунни мусулмандар көпчүлүктү түзөт. Дал ошол жерде былтыр апрель айында америкалык аскерлер шаарды ээлеп алганда, Саддам Хусейн баш пааналап жүргөн дешет. Ирактын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Куббанын өлтүрүлүшү Хусейндин колдоочуларынын колунана келген кыянаттык деп белгиленет. Тажрыйбалуу дипломаттардын бири Бассам Кубба Ирак делегациясынын курамында БУУнун ишине катышып, жаңы эле Нью-Йорктон кайтып келген эле.

АКШда билим-таалим алган дипломат БУУда, андан кийин Бээжинде элчи болуп эмгектенген. Саддам режими кулатылгандан бери тышкы иштер министрлигин башкарган комитеттин мүчөсү болчу.

Кечээ Багдадда өткөн пресс-конференцияда коалиция күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Дэн Сенор Ирактын жогорку жетекчилигинин коопсуздугу кандайча камсыздалат деген суроого буларды жооп берди:

- Коалиция алардын коопсуздугун өзү камсыздайт, же болбосо жан сакчыларды машыктыруу үчүн акча бөлүп берет. Мен азыр кайсы кызматкердин коопсуздугу кандайча камсыздалаарын айтып бере албайм. Анткени аларга кол салууга аракет жасаган террористтерге маалымат берген болуп калам.

Ак Үй Куббанын өлтүрүлүшү Ирактын суверендүүлүгүнүн кайтарылып беришин кечеңдетпейт деп ырастады.

Ишембиде Ирактын дагы бир жогорку чиновниги, чегара кызматынын жетекчиси, генерал Хусейн Мустафа бараткан актомашина буктурмага кабылып, бирок генерал аман калды. Анын жанындагы эки офицер каза тапты.

Түндүктөгү Киркук шаарында болсо күрддөрдүн диний лидери шейх Ияд Курдиш Абдел Раззак өз үйүнөн өлтүрүлүп кетти.

Ошентип, Ирактын жаңы өткөөл өкмөтү дайындалгандан кийин козголоңчулардын куралдуу кол салуулары азайган жок. Алардын негизги бутасы болуп мурдагыдай эле жергиликтүү полиция, саясатчылар, коалиция менен кызматташкан ирактыктар жана чет элдик адистер кала берүүдө.

Кечээ Ливандын Багдаддагы элчилигинен кабарлашкандай, бейшемби күнү барымтага алынган ливандык бир киши менен жергиликтүү эки кызматкердин мууздалган денелери табылды. “Телекоммуникациялык фирма үчүн иштеген ливандык Хусейн Олайан жана ирактык эки киши бейшембиде Фаллужадан алыс эмес жерде жоголуп кеткен”, - дейт элчиликтин кызматкери.

Анкаранын Багдаддагы миссиясы маалымдагандай, мындан үч-төрт күн мурун барымтага алынган түркиялык атуулдар койо берилип, эми мекенине кайтууга камынууда. Түркиялык курулуш фирмасынын директору Сердар Адалинин ырастоосунда, аларды бошотууга Ирактагы таанымал үй-бүлөлөр көмөктөштү.

Апрель айынан бери өлкөдө 40тан ашуун чет элдик атуул уурдалып кеткен. Алардын кээ бирлери барымтачылар тарабынан боштулган же коалиция күчтөрүнүн жардамы менен куткарылган.

XS
SM
MD
LG