Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

ЕВРОПАРЛАМЕНТКЕ ШАЙЛООДО ЭЛ АКТИВДҮҮЛҮГҮН КӨРСӨТКӨН ЖОК


Чолпон Орозобекова, Прага Европарламентке шайлоонун жыйынтыгы жекшемби күнкү кечте чыгаары күтүлүүдө. 25 мамлекет катыша турган бул шайлоого шайлоочулардын катышуусу начар болот деген байкоочулардын сөзү ордунан чыкты көрүнөт. Шайлоо күндөрү жада калса Евробиримдикке кирген алдыңкы өлкөлөрдө да саясий партиялар жергиликтүү шайлоолорго көбүрөөк маани беришти.

Бул шайлоо - дүйнө жүзүндөгү эң чоң шайлоо өнөктүктөрүнүн бири. Европарламенттин жаңы курамы үчүн 350 миллион адам добуш бериши керек болчу. Бирок, алардын жарымы эле шайлоого келип берсе, чоң утуш болот деген талдоочулардын тынчсыздануусу жөндүү болуп чыкты. Өнүккөн мамлекеттерде деле шайлоочуларды жандандырыш кыйын болду. Өздөрүндө боло турган же өтүп жаткан шайлоолор менен кызуу алектенип аткан саясатчылар ого бетер коомчулукту алаксытты. Ал эми тээ Европарламент үчүн эмнегедир өз добушунун эч кандай мааниси жоктой камырабагандар басымдуу.

Ар бир мамлекетте элди шайлоого тартыш үчүн ар кыл ыкмалар пайдаланылды. Мисалы, Эстониядагы “Исамаалит” партиясы көчө боюнда кофе кайнатып, элге кофе куюп берип атып шайлоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө үлгүрүп атты. Айрым мамлекеттерде пиво куйган жана пивонун алдына койгон нерселерге “пиво ичкенче добуш бере сал” деген өңдүү чакырыктарды жазып атышты.

Европарламентке шайлоо баш аягы төрт күнгө созулду. Жекшемби күнү калган 18 мамлекетте шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылышы керек. Кечээ Улуу Британия, Чехия, Ирландия, Латвия жана Мальтада шайлоо соңуна чыккан.

Бул шайлоодо Европарламентке 732 депутат шайланышы керек. Айрым өлкөлөрдөгү шайлоонун жүрүшү көрсөткөндөй, элдин катышуусу абдан начар. Чехияда ал 25 пайыз гана болсо, Латвияда араң 40 пайызды түздү. Евробиримдикке жаңы кирген 10 мамлекетти алсак, маселен, Прага, Варшава же Талллиндин көчөлөрүнөн бул шайлоого карата толкунданып, ага ашыгуу байкалбайт.

Швейцариянын “Нойе Цюрихер Цайтунг” (Neue Zuericher Zeitung) гезити жазгандай, шайлоо күнү журналисттер көчөдөн байкап сурамжылагандары оң. Айрымдар бул шайлоо тууралуу таптакыр түшүнүгү жок болгондуктан, бул кабарга катуу таң калышы ыктымал.

Варшавадагы саясий иликтөөлөр боюнча институтту жетектеген Эдмунд Внук Липинский (Edmund Wnuk-Lipinski) Евробиримдикке жаңы кошулган мамлекеттерде шайлоонун белгилери аз болорун айтат:

- Пост-коммунисттик өлкөлөрдө Европарламентке шайлоого карата элдин мамилеси начар болот. Соңку сурамжылоонун жыйынтыктарын караганда, Польшада шайлоого эл аз катышаары дайын. Евробиримдикке жаңы кирген башка посткоммунисттик өлкөлөрдө деле ушундай болушу ыктымал.

Байкоочулардын баамында, бул шайлоодо Европаны борборлоштурууга каршы күчтөр көбүрөк келиши мүмкүн. “Вашингтон таймс” жазганга караганда, учурда Европанын биригишине дем берип келаткан күчтөр алсырады. Англия консерватору Дэвид Хоуэллдин пикиринде, бул шайлоодо Европадагы интеграция процессин токтотууну каалаган партиялар менен саясатчылар өтөт.

Ушул аптада Лондондогу “The Times” гезитинде Европаламенттеги депутаттык мандат жөнүндө макала жарыяланды. Анда саясий мүдөөлөрдөн мурун материалдык кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккандар Европарламентке депутат болууга ашыгаары жазылган.

Европарламенттин депутаты бир ай ичиндеги шайлоо округуна болчу иш сапарлары үчүн 3700 евро алат. Ал эми күнүнө 262 евро тамак-ашы үчүн төлөнөт. Ал эми алыскы шаарларга барышы керек болсо, анын чыгымдары да парламенттин эсебинен болмокчу.

Ал эми ар бир депутат өз мамлекетинин дараметине жараша маяна алат. Италиянын өкүлү 11 миң евро алса, кай бир өлкөлөрдүн депутаттары 1 миң евро гана алышы ыктымал.

Соңку кездерде Европарламентте депутаттар ашыкча чыгымдарга барууда дешип, айлык маселесин кайра калчап чыккандан кийин баарына бирдей 8 миң евродон айлык койобуз деп чыгышкан. Бирок, ар бири ушунчадан алган күндө баары бир чоң каражат короору белгилүү болгондон кийин, бул ойдон айнышты. Эми болсо Европарламентте “Жүрүш-туруш кодексин” кабыл алып, каржылык тартип бузууларга бөгөт койобуз деп жатышат.
XS
SM
MD
LG