Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

Амирбек Азам уулу, Прага шаары Ооганстанда сентябрь айында парламенттик жана президенттик шайлоо болот. Cаясый өнөктүн алдында коопсуздук маселеси өтө олуттуу проблема саналат: шайлоочуларды каттаган адамдарга, чет элдик, жана жергиликтүү соопкерчилик уюмдарына кол салуулар уланууда. Мындай кырдаалга карабай, Улуттар Уюмунун Кабылдагы өкүлчүлүгүнүн маалымдашынча, күнүнө бери дегенде 50 миң шайлоочу каттоодон өткөрүлүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 8-июнда жарыялаган билдирүүгө караганда, ооган өкмөтү сентябрга мерчемделген шайлоо өнөктүгүн калыс өткөрүү үчүн Кошмо Штаттардын жана башка өлкөлөрдүн жардымына муктаж.

Ооганстанды изилдеп үйрөнүү бирикмеси жана Эл аралык кризистик тобу сыяктуу көз карандысыз уюмдар да шайлоочулар толук катталбаса, добуш берүүнүн жыйынтыгы күмөндүү болот деп санашат.

Кабылдык байкоочулар арасында өлкөдө тынчтык орнотулмайынча, шайлоону өткөрбөй койо турган жөн дегендер да бар. Бирок, өкмөт башчы Хамид Карзай өткөн аптада шайлоого даярдык ырааттуу жүрүүдө деп билдирди:

- Бизде шайлоо болуш керек. Шайлоо сөзсүз болот. Ооганстан шайлоого жакындоодо. Шайлоо өткөрүлбөсө болбойт. Биз демократияны каалайбыз. Биз адамдардын добуш берүүсүн жана өз өкмөтүн шайлоосун каалайбыз.

БУУнун Ооганстанга жардамдашуу миссиясынын башкы өкүлү Маноел де Алмейда е Силванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бүгүнгө карай 9 миллион ашуун шайлоочунун үчтөн бири катталган. Алмейда е Силва келерки үч айда калган шайлоочулар катталып бүтөөрүнө ишенет:

- Биз үч миллион адамды каттадык. Катталгандардын 33 проценти аялдар экени өтө маанилүү. Айыл-кыштактарда шаарларга караганда аялдар көп катталууда. Биз мурда мындай болот деп ойлогон эмеспиз.

Силва эл аралык уюмдардын 10, 5 миллион адам каттоого алыныш керек деп натуура маалымат таркатышты дейт:

- Бул - ката. Оболу, чынында эле, 10,5 миллион адам катталат деп эсептелген. Кийин бирок, бу маалыматты берген Борбордук статитика комитети жашы 18ден жогору курактагы адамдардын саны жөнүндөгү өз баасын өзгөрттү. Бизге жаңы берилген эсеп боюнча 9 – 9,5 миллиондой адам катталыш керек. Бул шайлоого жарамдуу ооган эркектери менен аялдарынын ашып барган жогорку чеги.

Алмейда Силванын айтышынча, 1- майдан бери шайлоочуларды каттоо өлкөнүн бардык аймактарында жүрүүдө:

- Бүгүн баары планга жараша жүрүүдө. Мурда кол тийбеген акыркы эки провинцияда: чыгыштагы Нуристан жана түштүк чыгыштагы Пактикада каттоо жүрүүдө. Анткен менен, провинциялардын борборлору эле эмес, бардык жерлерде каттоочу жайлар болушу керек.

Улуттар Уюмунун өкүлүнүн сөзүнө караганда, өлкөнүн аймактарындагы 900 чамалуу жайда күнүнө 50 миң киши каттоодон өткөрүлүүдө. Бирок, коопсуздук жагы начар деп сөзүн улайт Алмейда Силва:

- Коопсуздук маселесинде жана камсыздоо иштеринде кыйынчылыктар бар. Маданий өзгөчөлүктөрдү да эстен чыгарбашыбыз абзел. Мисалы, аялдар эркектерден бөлөк жайда катталыш керек. Ошон үчүн, аял-эркектер бөлөк-бөлөк жайларда катталат жана аялдар катталчу жерлерде аял кызматтчылардын болушу шарт.

Каттоочуларды алдоо аракети да жок эмес. Кандагар вилайетинде 13 жашар окуучу кызды 18 жашка толду деп, каттоодон өткөрмөк болушкан. Муну билип туруп тыйбаган мектептин директору кыздар 18ге толбосо да, добуш бергенге укуктуу болуш керек деген эч камырабастан туруп.

Алмейда Силва түн ичинде элди коркуткан каттарды таркатуу кеңири жайылган көрүнүш экенине да токтолду:

- Ооганстандагы өткөөл кырдаалдын туруктуу нукка түшүүсүн каалабагандар оогандар айткандай “түнкү каттарды” таркатышат. Ал каттарда шайлоо өнөктүгүн колдогондорго же каттоодон өткөн адамдарга чабуул жасалат деп эскертилет. Бирок, элдин калың катмары буга каршы. Эл шайлоону, өзгөрүүнү, демек тынчтыкты эңсешет. Алар бардык зобун-зордукту артта калтыргылары келет.

Улуттар Уюму шайлоочуларды каттоонун жүрүшүн июнь айынын аягында бир иликтеп чыгып, өнөктүккө өз баасын берет.
XS
SM
MD
LG