Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 17:30

Жалалабад облусунда аскер бөлүктөрүн таштап кеткен жоокерлер көбөйдү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук аскер комиссариатынын билдириши боюнча, аскер бөлүктөрүн таштап кеткен жоокерлердин саны 76 адамга жетти. Алардын 20сы социалдык-экономикалык абалы оор Сузак районунан. Облустук аскер коммисариаты бөлүктөн качкан жоокерлер 20-июлга чейин өздөрү кызмат өтөгөн бөлүктөргө, аскер прокуратурасына же облустук аскер комиссариятына өз ыктыяры менен келсе «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзамга ылайык жоопкерчиликтен кутулаарын эскертти. Коомчулуктун пикиринде, аскерден качууга бөлүктөрдөгү зомбулук, тартипсиздиктин күчтүгү, тарбиянын жоктугу жана дедовщина себепкер.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG