Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

АКШнын демократиялык институту саясий партиялар боюнча семинарын улантууда


БИШКЕК. АКШнын улуттук демократиялык институту «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын Ош, Жалалабад облустары менен Өзгөн районундагы мүчөлөрү жана партиялык турмушка кызыккан атуулдар арасында семинар өткөрдү. Партия төрагасынын бул тууралуу маалымат берген орун басары Абдыжапар Тагаевдин айтымында, анда саясий партияларды түзүү, калыптандыруу, шайлоого катышы жана шайлоо учурунда иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилип, саясий партиялардын эл аралык тажрыйбасы менен тааныштырышты. Андан тышкары семинарда партияга мүчөлүккө кабыл алуунун эл аралык нормалары жөнүндө айтылды. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын азыр үч миңден ашык мүчөсү бар жана партия парламенттик шайлоого катышуу даярдыгын көрүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG