Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Жаштар партиясы билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстан жаштар партиясы өлкөдө административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө чакырган билдирүү менен чыкты. Анда азыркы облустарды жоюп, алардын ордуна төрт административдик округ түзүү жана аларга кирген райондорду ирилештирүү сунушталган. Партиянын билдирүүсү боюнча, маселен, борбору Бишкек деп аталган Борбордук административдик округга Ысыката, Сокулук, Жайыл, Талас жана Карабуура райондорун киргизүү керек. Андан сырткары ар биринин курамында төрттөн район кирген Ош, Жалалабад жана Тяньшань административдик округдарын түзүү зарыл. Жаштар партиясынын лидери Айдар Бакыевдин бүгүнкү маалымдоосуна караганда, партиянын мындай сунушу президенттик администрацияга жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG