Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Акыйкатчы өлүм жазасын берген өкүмдөрдү чыгарууга каршы


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президентке, Жогорку Кеңешке жана Жогорку Сотко өлкөдө өлүм жазасын берген өкүм чыгарууга тыюу салуу өтүнүчү менен кайрылат. Бул тууралуу Турсунбай Бакир уулу бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, мындай чечим кабыл алынса адам укугун коргоонун мыкты көрсөткүчү болот. Акыйкатчы андан тышкары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өлкө аймагында кылмыш жасаган чет өлкөлүк, анын ичинде Кытай менен Өзбекстандын атуулдарын өз өлкөсүнө өткөрүп бериши туура эмес деп билдирди. Анын айтымында, Кытай менен Өзбекстан кылмыш кылган адамдарга өлүм жазасын берип, аны дароо аткарып жатат. «Улуттук коопсуздук кызматы кандай кылмышкер болсо да алардын укуктарын коргоо үчүн чет элдик атуулдарды өз өлкөсүнө өткөрүп бербеши керек», - деп билдирди Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG