Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Ооганстанда 90го чукул согушчан колго түштү


Америка куралдуу күчтөрү Ооганстанда соңку үч аптада 90го чукул согушчан колго түшкөнүн билдирди. Америкалык подполковник Такер Мансэйжер Кабулда өткөн маалымат жыйынында мындай деди:

- 25-майдан бери бүгүнкү күнгө чейин коалиция күчтөрү Забул аймагында бизге каршы күрөшүп аткан 80ден ашык согушчанды өлтүрүп, токсонун колго түшүрдүк. Ошондой эле алардын курал-жарак, ок- дары каткан 49 жашыруун жайын таптык.

Ошондой эле быйылкы 8-майдан бери Ооганстанда америкалык 8 аскер окко учкан. Подполковниктин айтымында, америкалык тарап Ооганстандагы абактардагы тартипти оңдоонун үстүндө да иштеп жатышат.

Кечки жаңылыктар топтомун Прагадан Чолпон Орозобекова даярдады.

XS
SM
MD
LG