Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Ирандын өзөктүк куралы тууралуу күмөн ойлор


МАГАТЭнин башкаруу кеңеши бүгүн Ирандын өзөктүк программасын талкуулайт. Улуу Британия, Германия жана Франция биргелешип жазган резолюцияда атом кубаты боюнча агенттик менен дурустап кызматташпаганы үчүн Иран бийлигине сын айтылган. Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази бейпилдикти гана көздөгөн өзөктүк ойлоп табууларды чектөөчү сунуштар менен ырасмий Тегеран макул эместигин билдирди. Ал эми Германия, Улуу Британия өңдүү бир катар Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк куралдуу болгусу келет деп шек санашат. Бириккен улуттар уюмунун өзөктүк куралдар боюнча уюмун башкарган Мухамед Елбарадейи Иран өзүнүн өзөктүк курал жаатындагы иш чаралары тууралуу толук маалымат берген жок деген күмөндөнүүсүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG