Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Грузия менен Азербайжан президенттери 5 келишимге кол коюшту


Грузия менен Азербайжандын президенттери эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдеген 5 келишимге кол коюшту. Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев кечээ Тбилисиге учуп келген. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили жолугушуу учурунда мындай деди:

- Биздин экономикалык байланыштар тез өнүгүп жатат. Илхам Гейдарович, сиз бийликке келгени товар айлантуу мамлекеттер ортосунда эки эсеге өстү. Биздин соңку кездеги контрабандага каршы күрөшүбүздү түшүнүү менен кабыл алып атканыңыз бизди кубандырат. Биздин башка коңшуларыбыз да ушундай түшүнүү менен мамиле кылышын каалайт элек.

Бул жолугушууда Грузия менен Азербайжан эки тарапка тең пайдалуу темир жол куруу жана энергетика тармагында кызматташтыкты бекемдөө тууралуу кол алышты.

XS
SM
MD
LG