Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

ЕВРОБИРИМДИКТИН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ АР КЫЛ МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛАЙТ


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдө Люксембургда башталган кеңешмесинде уюмдун ушул аптада өтүүчү саммитине жана Конституциясына байланышкан маселелерди карамакчы. Кеңешмеде ошондой эле, Евробиримдиктин Ирак боюнча жаңы стратегиясы, Иран менен алакасынын келечеги, Ооганстанда өтүүчү шайлоого байкоо жүргүзүү тууралуу да сөз болот.

Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, тышкы иштер министрлери уюмдун аткаруучу органы - Еврокомиссиянын Ирак боюнча орто мөөнөткө эсептелген стратегиясын колдомокчу. Буга уюмдун 17- 18- июнь күндөрү өтүүчү саммити да макулдук берээри күтүлүүдө. Еврокомиссиянын маалымат катчысы Эмма Удвиндин айтымында, Ирак менен алаканы үч этаптан ишке ашырууну караган стратегияны Евробиримдиктин мүчөлөрү жакшы кабыл алды:

- Еврокомиссия Европанын Ирак менен алакасынын утурумдук стратегиясын үч этаптан: азыркы, шайлоодон кийин жана өлкөнүн кайра куруу менен нормалдаштыруунун орто мөөнөтү үчүн деп иштеп чыкты. Бул - уюмга мүчө өлкөлөр тарабынан оң кабыл алынды. Ал тышкы иштер министрлеринен соң, жума күнү мамлекет башчылары тарабынан каралмакчы. Менимче, ушундан соң ал Ирак менен саясий, дипломатиялык алака орнотуунун кийинки кадамы үчүн негиз боло алат.

Евробиримдиктин мүчөлөрү алдыда Ирактын утурумдук өкмөтүнүн министрлеринин бирин Брюсселге чакыруу же Иракка уюмдун делегациясын жиберүү маселесин да чечиши керек. Ирактагы граждандык коом менен алака орнотуу, шайлоо жараянына колдоо көргөзүүнүн жолдорун аныктоо да тез чечүүнү талап кылган иштерден. Евробримдиктин өлкөлөрү азырынча Ирактын карыздарын кандай шартта жеңилдетүү боюнча бир пикирге келе элек.

Айтор көп нерсе, уюмдун расмий адамдарынын айтымында, Ирактагы коопсуздук кырдаалына жараша болмокчу. Еврокомиссия Багдадда өкүлчүлүк ачууну кааларын ишара кылганы менен, бирок буга коопсуздук жагдайы жол бергенде гана бараарын билдирүүдө. Жакынкы аралыкта Еврокомиссиянын Ирак менен иштей турган өкүлчүлүгү коңшу Иорданиянын башкалаасы Амманда уюштурулмакчы.

Ал эми Иран маселесине, атап айтканда, бул өлкөнүн өзөктүк куралдар программасына тышкы иштер министрлери азыркы кеңешмесинде кыска эле сөз болот. Себеби түздөн түз Ирандын өзөктүк курал программасына байланышкан маселе Атом энергетикасы боюнча эл аралык уюм - МАГАТЭнин бүгүн башталган жыйынында каралат. Евробиримдиктин 11 өлкөсү МАГАТЭнин Директорлор кеңешине мүчө. Расмий өкүлдөрдүн сөздөрүнө караганда, Евробримдик МАГАТЭнин баш директору Мохаммед эл-Барадейинин Иран боюнча соңку отчетун эки жакты: сынды да, мактону да камтыган "тең салмактуу" документ катары баалайт.

Анткен менен Иран тышкы министринин өткөн аптанын соңунда эл аралык коомчулукту анын өлкөсүнүн "өзөктүк клубдун" катарына кирүү укугун таанууга чакырышы жандуу талкууларды жаратчыдай. Ирандын өзөктүк программасына байланышкан тынчыздануулардан улам Евробиримдик мындан бир жыл мурда бул өлкө менен соода сүйлөшүүлөрүн убактысынча токтоткон болчу. Бирок алар Иран менен диалогго кызыкдар экенин билдирип келүүдө. Бүгүн жана эртең тараптар Тегеранда Ирандагы адам укуктарынын корголушу боюнча бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ал эми Ооганстан боюнча Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери сентябрдын соңуна белгиленген шайлоого байкоо салуу үчүн кеңири курамдагы миссияны жөнөтүүдөн баш тартып, чакан топту гана жиберүү чечимине келээри күтүлүүдө. Еврокомиссиянын өкүлү Эмма Удвин биздин радионун кабарчысына төмөнкүлөрдү билдирди:

- Биз кызматкерлерибизди жиберебиз, мүчө өлкөлөрдөн да өз адамдарын жөнөтүүсүн өтүнүп жатабыз. Бул биз оогандарды колдойбуз дегенди туюндурат, шайлоо кандай өткөндөгү тууралуу ишенимдүү маалыматтарды алуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Бирок Европанын байкоочулар миссиясы адаттагыдай кеңири болбойт.

Евробиримдиктин расмий адамдарынын айтымында, алар мындай кадамга коопсуздук жүйөөсүнөн улам барууда. Учурда белгиленип жаткандай, Евробиримдик Кабул менен башка сегиз шаарга гана 20-25тей байкоочусун жөнөтмөкчү. Ооганстанда кырдаал тынч эместигинен улам азырынча эл аралык уюмдардын бири да сентябрдын соңундагы шайлоого байкоочулардын арбын жөнөтүү чечимине келе элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG