Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

КИШИ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШТӨ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ЖИГЕРИ КҮЧ


Кыргыз президентине баш ийе турган улуттук кеңеш бар. Ал чет өлкөлөргө адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга каршы күрөш боюнча иш алып барат. Улуттук Кеңештин мындан аркы жарым жылдагы негизги жумушу - ички иштер кызматынын киши сатууга каршы ишинин натыйжалуулугун арттыруу болмокчу. Бул тууралуу кеңештин дүйшөмбүдөгү отурумунда сөз болду.

Улуттук Кеңештин кезектеги отурумунда белгилүү болгон маалыматка караганда, адам сатуу фактысы постсоветтик бардык башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда деле тынымсыз күрөштү талап кылган олуттуу проблемалардын бири бойдон калууда. Эмгек миграциясын шылтоо кылган кыйла ортомчу фирмалар көп учурда кыздарды кулчулукка сатып, ортодон пайда көрүп жатышат. Өткөн төрт жыл ичинде ушул өңүттө 90дон ашык кылмыш иши козголду. Өткөн августтан бери эле жети кылмыш иши козголуп, алардын төртөө сотко өткөрүлдү.

Эгемендүүлүк жылдары ар кандай жолдор менен кулчулукка кирептер болгон кыргызстандыктардын саны чет өлкөдө канча экендиги белгисиз. Бирок Улуттук кеңештин координатору Алтынай Сулайманованын айтымында, бейөкмөт уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдер алгачкы жылдарга салыштырмалуу чет өлкөгө жашыруун кеткендердин саны сээлдеп баратканын көргөзүүдө. Ал эми ар кандай жолдор менен өлкөгө кайтып келгендердин саны 100 чамалаш. Бирок алар өздөрүнүн коопсуздугун көздөп, дайынсыз кетишүүдө. Бул болсо - кылмышка каршы күрөшкө тоскоолдук кылууда.

Ушул өңдүү кенемтелерди толтуруу максатында комиссия «Адам сатууга, чет өлкөлөргө мыйзамсыз жөнөтүүгө каршы күрөш жана аны алдын алуу жөнүндө» мыйзамды эртелеп кабыл алууга көмөктөшүүнү эп көрүп жатат:

- Бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен бирге ушул багытта бир механизм иштеп чыгуу керек болуп атат. Депутат Боронбаевага кайрылдык, ал өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп атат. Мыйзам жылдын аягына чейин кабыл алынса, ал жабыр тарткандардын күбө катары кылчактабай тартылышын шарттайт эле.

Айрым байкоочулардын баамында кыздарды чет өлкөлөргө сатууда тартип коргоо кызматкерлери ортомчулар менен келишкен учурлар аз эмес. Сулайманова болсо кеңештин тажрыйбасында мындай пикирлерди тастыктагыдай тикелей факт жолуга элегин айтат:

- Андай учурларды мен өзүм көргөн жокмун. Бирок бар деп айтышат. Мисалы, Эмираттын мыйзамы боюнча 30 жашка чейинки кыздарга ал жакка барууга уруксат жок. Чегара кызматтары, аэропорттогу тийиштүү кызматтар ошолорду карабай өткөрүп ийип атышпайбы.

Адатта, кыргызстандык кыздарды ортомчулар Араб Эмираттарына, Кореяга, Түркияга жөнөтүшөт. Акыркы жылдары ушул өңдүү иштерге катышы барынан шектелген бир катар «Мундуз-турист», «Карсуруф» өңдүү фирмалар жабылды.

Кеңештин отурумунда ачыкталган маалыматка караганда, учурда Шаржа менен Дубайдын эле миграциялык лагерлеринде 100дөн ашык кыздар, барган өлкөлөрдүн мыйзамдарын бузду деп кармалып турушат.

Ушундай ыңгайсыз жагдайлардан арылуу үчүн азыр кеңеш эл аралык миграция уюму, ЮСАИД, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өңдүү тараптар менен кызматташып, алардын жардамы менен өлкө ичинде ар кыл түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми айрым көз караштарга караганда, адам сатууга каршы күрөштө көп учурда милдет бейөкмөт уюмдардын мойнуна жүктөлүп калууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боронбаева мындай дейт:

- Көпчүлүк учурда мамлекеттик ишканалар жумушту бейөкмөт уюмдарга тапшырып коюп атышат. Алар эл аралык уюмдар менен бирдикте абдан жакшы иштешүүдө. Бирок мамлекеттик уюмдар да ошолордун деңгээлинде иш алып барганда маселени биртоп жеңилдеткенге болот эле.

Боронбаеванын айтымында, бул багытта ишти илгерилетүү үчүн дагы көптөгөн аракеттерди көрүү милдети бар. Ал эми эл аралык уюмдар Президенттин алдындагы улуттук кеңеш менен кызматташуу адам сатууга каршы күрөштө кайтарым берээрине үмүттөнүшөт.

- Мен мындан ары да өз ара түшүнүшүү менен кызматташарыбызга терең ишенем, - дейт Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Каколе Рей.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG