Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Ооган өкмөт башчысы Хамид Карзай Вашингтондо


Ооганстандын өкмөт башчысы Хамид Карзай бүгүн кечинде АКШ президенти Жорж Буш менен Вашингтондо кездешет. Анын учурунда Ооганстанды калыбына келтирүү, коопсуздук жана сентябрда болчу жалпы элдик шайлоого байланыштуу маселелер талкууланат.
Карзай бүгүн оболу Конгресстин мүчөлөрү менен жолугушат.

Ооган лидери кечээ жасаган билдирүүсүндө НАТО сентябрдагы шайлоого чейин өлкөгө кошумча дагы аскер жиберет деген үмүтүн айтты.

Учурда НАТО башындагы эл аралык күчтөр Кабулдун коопсуздугун камсыздап, ошол эле мезгилде Кундуз провинциясында курулуш иштерине жардамдашууда.

XS
SM
MD
LG