Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Багдаддагы террордук жардыруудан 12 киши набыт болду


Кечээ күнү Багдаддын ортолук бөлүгүндө автомобилге коюлган бомба жарылып, андан кеминде 12 киши, анын ичинде, беш чет элдик өлдү, алтымыш ашуун адам жарадар болду.

Курман болгон чет элдиктердин экөө британиялык, калган үчөө Франция, АКШ жана Филиппиндин жарандары. Алар Иракка контракт менен иштеп жатышкан. Жарадар болгондордун ичинде чет элдик он жаран бар.

Ирактын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Ияд Аллави:

- Биз бул террордук чабуулду айыптайбыз жана кылмышкерлер мүмкүн болушунча ылдам жазага тартылат, - деди.

Ички иштер министри Фала ан-Накиб алгачкы маалыматтарга караганда бомбаны жардырган автомобилди чет элдик айдап келгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG