Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

«АДИЛЕТ ШАЙЛОО ҮЧҮН» АТУУЛДУК БИРИКМЕНИН АРЫМЫ, «ЧОҢ КАЗАТТЫН» ДҮБҮРТҮ, ЭЛ АРАЛЫК КОНВЕНЦИЯ


15-июнда жарык көргөн “Агым” басылмасында «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси барган сайын арымын кенен таштаганы тууралуу жазылды. Мындан тышкары, Курманбек Бакиевдин президенттик күрөшкө аттанганы кабарланды. Ал эми “Аалам” басылмасы өлкөдөгү коррупция тууралуу пикирлерге орун берди.

15-июнда жарык көргөн «Агым» басылмасында «Адилет шайлоо үчүн» бирикмесинин арымы артып, Бишкек, Чүй, Жалалабад, Ош, Нарында аймактык жергиликтүү бөлүмдөрү түзүлүп, Казакстан, Орусия, Түркия, Германия жана АКШ өлкөлөрүндөгү саясый уюмдар менен байланышка чыккандыгы кабарланды. Ошондой эле, өткөн жумада Ысыккөлдө «ХХI кылымдагы Евразия» аттуу эл аралык конференцияга расмий чакырылса дагы коңшу өлкөлөрдүн президенттери Нурсултан Назарбаев, Сапармурат Ниязов жана Ислам Каримов мырзалар келбей калганы айтылып, бул эмненин белгиси? деп суроо коюшат.

Ушул эле басылмада Орусиянын ОРТ телеканалы кыргыз бийлиги, президент Аскар Акаевдин ишмердүүлүгү, үйбүлөсү, жанжөкөрлөрү жөнүндө көпчүлүк билбеген атайын көрсөтүү даярдалып жаткандыгы, айрым депутаттар тыңшоочу аппараттардын чуусу менен дагы бир сенсациялуу документ табышканы, Ош облусунун губернатору Накен Касиев кимдин «куйругун» баскандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Ошондой эле кабарчы Мамат Сабыров «Чоң казаттын дүбүртү» деген макаласында радикал оппозиционерлер түзгөн «Эл бийлиги үчүн» саясый блогу алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары Курманбек Бакиевди көрүшөөрүн кабарлайт. «Эл бийлиги үчүн» блогу эмне үчүн ушул талапкерге токтолгонун Жыпар Жекшеев «Болочоктогу президент профессионал, ыймандуу, өзүнүн көз карашы, келечекке карата программасы бар инсан болушу керек. Бүгүнкү күндө бул критерийлерге жооп берген Курманбек Бакиев болуп жатат» дейт. «Бакиев бир дагы партияга кирген эмес. Ал өзүнүн көз карашы боюнча оңчул-центрист. Демек, солчулдардын да, оңчулдардын да, центристтердин да добуштарын алышы мүмкүн» деп кошумчалайт Топчубек Тургуналиев. Ошондой эле, ушул «Агым» басылмасында дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгени тууралуу жооптуу катчы Гүласина Каленова мындай дейт:

- Бүгүнкү «Агымдын» жаңы санын «Политбүйрө» рубрикасы ачат. Экинчи бетте парламенттен уюштурулган материалдар, дүйнөлүк жаңылыктар орун алды. Окурмандардан келген кат, кабарлардын негизинде түзүлгөн «Бомбейкат» бети да бар. Өлкөдөгү композиторлор союзундагы келишпестиктер тууралуу баяндама да чыкты. Португалияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын беттешүүлөрү тууралуу да ой-пикирлер жарыяланды.

15-июнда жарык көргөн «Аалам» басылмасында «Учугун издеп таап чубай берсе, үмүттүн бүтпөйт тура уландысы» деген макалага орун берилди. Мында парламентте «Эл аралык конвенция» жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап жатып, өлкөдөгү коррупцияны сынга алган депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Абсамат Масалиевдин пикирлери талдоого алынат. «Бизде өткөндө президент Аскар Акаев бизнесмендерди Жапонияга алып барды. Малайзияга барып келди жана башка чет өлкөлөргө да ээрчитип жүрөт. Ошол бизнесмендер Президенттин чыгымдарын көтөрөт экен. Бул деген накта коррупция да» деп Өмүрбек Текебаев, салык төлөбөй милиондорго курулган хан сарайлар тууралуу да кеп козгойт. Ушул эле «Аалам» басылмасында дагы кандай макалаларга орун берилгендиги тууралуу басылманын редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай деди:

- Азыркы бийлик жана «Кыргызстан» деген кемени башкарып бараткан президент Аскар Акаев, анын командасы тууралуу «Кеме» деген аналитикалык макала жарык көрдү. Улуттук телерадиокорпорация тууралуу «Уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук!» деген маанайда «Сууну сиңген жерге куй!» деген макалада өлкөдөгү телекөрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө сөз болот. Журналист Элнура Кулуева Ысыккөлдөгү элдин нааразычылыгы, издөөдө жүргөн Рысбек Акматбаевди куугунтуктоону токтотуу тууралуу жергиликтүү калктын нааразычылыктары жөнүндөгү макаласына да орун берилди.

15-июнда басууга даярдалып жаткан «Адабий гезитте» кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын редакторунун орун басары Асанбек Кулманбетов мындай дейт:

- Белгилүү акын Аалы Токомбаевдин «Кээ күндөрү коркконумдан Кубанычбек Маликовдун үйүнө барып түнөгөн болчумун» деген маеги, ырчы кыз Асел Кыдыкованын чоң атасы акын жана уста Нурдин Кыдыковдун «Жаш кезимде бир эле саат уктачумун» деген интервьюсу жарыяланып жатат. Жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин «Бешкөкүлгө кол салуу» деген тарыхый романы тууралуу түрдүү пикирлер бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG