Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

ЖАШТАР КААДА-САЛТ, НАРК-НАСИЛГЕ КАНДАЙ КАРАШАТ?


Алтынбек Исмаилов, Бишкек Кыргыздын кылым карыткан салт-санаасы, үрп-адаттарынын жаштарга тийгизип жаткан таасири канчалык?

Алтынбек, алып баруучу:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандык жаштардын улуттук дөөлөттөргө жана каада-салттарга болгон мамилеси кандай деп ойлойсуздар деп келекчек муунга кайрылдык.

Урмат:

- Учурда каада-салт, үрп-адаттарды сактап жүргөн жаштар жок. Алардын көпчүлүгү батыштын агымына ооп кетти.

Зыйнат:

- Мен Урматтын пикирине кошулбайм. Анткени, бардык эле жаштар кыргыздын салт-санаасына бир беткей каршы чыгат деп айткандан алысмын. Мисалы, түштүк жергесинен келген жаштар кыргыздын каада-салттарына оң көз карашта деп ойлойм.

Жыргал:

- Бардык эле жаштар кыргыздын салт-санаасын сактабайт деп айтууга негиз жок. Кыргыздын каада-салттары менен келечегине күйгөн жаштар биздин арабыздан чыгат.

Алтынбек, алып баруучу:

- Кыргыздын салтында сөйкө салуу деген жөрөлгө бар эмеспи. Бүгүнкү күндө бул жөрөлгөнүн орду кандай деп ойлойсуздар?

Аттокуров Эрмек:

- Сөйкө салуу азыр да уланууда. Бирок мен буга караманча каршымын. Себеби, бири-бири менен жашай тургандар бул - түгөйлөр. Ата-эне алар менен ар дайым жашабайт. Ошондуктан жаш түгөйлөрдүн каалоосу менен болсо жакшы. Эгерде алардын каалоосу эсепке алынбай, ата-энелердин гана чечими менен сөйкө салуу жөрөлгөсү ишке ашса анда жаш түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле бузулат.

Жылдыз:

- Мен бул пикирге толугу менен кошулбайм. Анткени, өз баласына жакшылык каалаган ата-эне эч качан жаман адам менен мамиле түзгүсү келбейт.

Алтынбек, алып баруучу:

- Мисалы, сизге айрым бейтааныш жигиттердин ата-энеси келип сөйкө салабыз деп калышса, эмне деп жооп берет элеңиз?

Жылдыз:

-Мен анда сөзсүз каршы чыкмакмын. Анткени мен ал адамдарды билбейм, алардын ата-энесин тааныбайм.

Айжан, алып баруучу:

- Мен бул суроону кыздарга бергим келип турат. Сиздер айтсаңыздар, ала качуу салтына кандай карайсыздар?

Нурзат:

- Ала качуу салтына каршымын. Себеби, биринчиден, бул ала качкан адамдын касиетинин төмөндүгүн көрсөтүп турат. Экинчиден, ал адамдын өзүнүн турмушуна ишеними жоктугун көрсөтүп турат деп айтаар элем.

Урмат:

- Негизи ала качуу салты мурдатан эле бар. Мен буга каршы эмесмин.

Алтынбек, алып баруучу:

- Ала качуу учурунда көбүнчө жигиттер зыян тартабы же кыздарбы?

Жылдыз:

- Албетте, кыздар көбүрөөк зыян тартат. Себеби, Конституция кабыл алынган заманда жашап жатып, кыздын ар-намысын тебелеп туруп, аны ала качып үйлөнүү бул жырткычтыктын жеткен чеги деп айтаар элем.

Жыргал:

- Жырткычтыктын жеткен чеги деп айтууга негиз жок. Анткени бул эки адамдын тагдырына байланыштуу. Эгерде эки адамдын тагдыры бири-бирине дал келишсе, алар бактылуу жашап кетишет. Эгерде тил табыша албай калышса анда бактысыз болуп калышат.

Айжан, алып баруучу:

- Силердин оюңарча, калың берүү салтынын кереги барбы?

Урмат:

- Менимче, калың берүүнүн кереги жок. Ошол калыңга бериле турган нерсени ата-энелер кеңешип туруп эки жашка берсе жакшы болмок. Анткени алар өздөрү каалаган нерсесин сатып алмак.

Жылдыз:

- Эмнеге кереги жок? «Калыңсыз кыз каадасыз кыз» деген бар да.

Алтынбек, алып баруучу:

- Эми кеп соңунда жыйынтык сөзүңүздөрдү айтсаныздар?

Зыйнат:

- Өзүндүн улуттук каада-салттарың менен үрп-адаттарыңды билбей туруп, жалпы адамзаттык идеяларды ырдап чыгуу менимче, кыйын.

Жыргал:

- Ата-бабаң басып өткөн жолду билбей туруп, эч убакта алдыга кадам таштай албайсың. Ошондой эле унутулуп бараткан салттарды, унутулуп бараткан элдик оозеки чыгармаларды алып чыгып, элибизге жеткирмейинче, келечегибиз жакшы жолго коюлбайт.
XS
SM
MD
LG