Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

ТЕКЕС ӨРӨӨНҮНДӨ ЖЕР МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА НААРАЗЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАМАККА АЛЫНДЫ


Кытайдын батышында, Теңиртоонун чыгыш тоо кыркаларында Шинжаң Уйгур автоном району жайгашкан. Кытайдын бийликтери түпкү калкынын басымдуу көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн бул аймактагы Текес суусунун боюнда жаңы сугат системасын калыптандырып, электр станциясын куруу долбоорун жүзөгө ашырууда. Ал эми жергиликтүү калктар аймакка ханзу келгиндеринин агылышы улам күчөп жатканына нааразы. Өткөн аптада Или аймагында жергиликтүү калайыктын нааразылык демонстрациясы болгону кабардалды.

Өткөн жума күнү, июндун 11инде, Или аймагындагы жүздөгөн дыйкандар Текес дарыясынын жээгинде курулган суу сактагыч менен гидроэлектр станциясынын курулуш башкармалыгынын кеңсесине келишип, нааразылык демонстрациясын өткөрүштү. Жергиликтүү күбөлөрдүн айтымында, элүүдөй киши, ал эми бийликтердин айтымында, он алтыдай демонстрант камакка алынды. Алардын көпчүлүгү – уйгур улутундагы дыйкандар.

Күбөлөрдүн билдиришинче, демонстрацияга катышкандар Текес суусунун боюнан көчүрүлө турган ар бир дыйкан чарбага өкмөттөн 38 миң юан (башкача айтканда, 4600 доллар) өлчөмүндө акча төлөөнү талап кылышкан. Кытай бийлиги суу сактагыч жана электр станциясын куруу үчүн бошотула турган аймакта байырлаган кишилерге дал ушундай өлчөмдө акы төлөөгө убада кылган, бирок аларга иш жүзүндө 880 юан (башкача айтканда, 106дай доллар) акча гана төлөнгөн.

Акыркы жети жылдан бери бул – Или аймагындагы алгачкы ири чыгуу. 1997-жылы 5-февралда Или өрөөнүнүн саясий чордону – Кулжа шаарында жүздөгөн уйгур жаштары саясий жүрүш жасап, камакка алынган жаш уйгур саясатчыны бошотуу жана адам укуктарын одоно бузууну токтотуу талабын коюшкан болчу. Кытай аскерлери бул жүрүштү күч колдонуу менен баскан. Бул кагылышууда канча киши өлгөнү так эмес, бирок жүздөгөн кишилер камакка алынган. Бозгундагы уйгур уюмдары ошол кагылышууда жүздөй киши өлгөнүн айтып келет.

2000-жылы Кытай бийлиги 18 миңдей кишини, алардын арасында дыйкан, малчы жана токой чарба кызматкерлерин Текес суусунун аймагынан башка жакка көчүрүп, бул жерге суу сактагыч жана электр станциясын куруу боюнча долбоорун жүзөгө ашыра баштаган. Эми кытайлык бийликтер чарбалык маселе боюнча чыккан соңку жаңжал саясий мүнөзгө, улуттар аралык кагылышууга айланып кетпесе экен деп чочулашууда.

Ал эми Кытай экономикалык жактан ири ийгиликтерге жетишкенине карабастан, улуттук азчылыктарга жана саясий жактан кайчы пикирдегилерге карата катаал саясатын мурдагысындай эле улантууда. Бул тууралуу Вашингтондогу кытай таануучу адис, улуту ханзу Миншин Пей мындай дейт:

- Бирок, негизинен, Кытайдын саясий системасы өзгөрбөгөн бойдон кала берүүдө. Коммунисттик партия мурдагыдай эле саясий үстөмдүгүн колдон чыгарган жок. Бул партия, бир чети, өлкөнүн экономиканын өсүшүнө жетишип жаткан менен, экинчи чети, саясий системаны жабык бойдон кармоодо.

Кытайдын Тибет, Шинжаң-Уйгур автоном району, Ички Монголия сыяктуу аймактарында байырлаган улуттук азчылыктар өз жерлерине ичкерки Кытайдан миллиондогон ханзулар көчүр келгенине санааркоосун билдирип келишет. Алардын айрым өкүлдөрү улуттук көз каранды эместик идеясын көтөрсө, башкалары кеңири автономиялык укуктарын сактап калуу үчүн күрөшүүдө.

Уйгурлардын айрым өкүлдөрү Ооганстандагы мурдагы талиптик режим менен «ал-кайидачылардын» көмөгүн алууга жетишкен. Бул - расмий Бээжиндин чырагына май тамызган факт болуп калды. Расмий Бээжин уйгур жикчилерин эл аралык коомчулукка дүңүнөн эле «террорчулар» катары таанытып, аларды айыптоого далаалаттанып келет. Укук коргоочулар болсо боштондук үчүн күрөшкөн уйгурлардын баарын эле террорчу катары карабоо керектигин эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG