Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

16-июнга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 16-июнда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД, ЧҮЙ облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26 градустун айланасында.
БИШКЕК шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, ал эми күндүз +28…+30 градуска жетет.
Күндүн узактыгы 15 саат 18 мүнөт.

Жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу, Бүбүкан Досалиева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG