Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Ч.Алиевдин атын түбөлүк калтыруу өтүнүчү


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук кеңешинин депутаттары жана Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинин жамааты президент Акаевге жана Бишкек шаарынын мэри Керимкуловго өтүнүч кат жолдошту. "Эмгекчил" газетасынын редактору Мээркан Токсобаеванын айтымында, милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин киши колдуу болуп каза тапканынан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Кылмышты жасагандар боюнча ар кандай версиялар айтылганы менен чыныгы күнөөкөрлөр табыла элек. Маркумдун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн, ал өлтүрүлгөн Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүнө Чыныбек Алиевдин ысымын берүү өтүнүчүн сунуш кылабыз. «Муну жүрөгүндө оту бар кыргызстандык ар бир атуул, өзгөчө милиция кызматкерлери колдошооруна ишенебиз», дейт Мээркан Токсобаева.

XS
SM
MD
LG