Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

«Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзам биринчи окууда кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Министрлик, мекемелерге мамлекеттик катчылык кызматын киргизүү каралган бул мыйзам долбоору президент тарабынан сунушталып, дүйшөмбү күнү палатада талкуулана баштаган. Шейшемби күнкү талкууда депутаттар долбоорду жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды, сын-пикирлерди айтышты. Маселен, депутат Исмаил Исаков мыйзам долбоорун кескин сынга алып, аны кабыл алуу президенттин кадр саясатындагы монополиясын ого бетер күчөтөт деген пикирин айтса, депутат Зайнидин Курманов мамлекеттик кызмат боюнча улуттук комиссиянын жана анын жетектөөчү органы боло турган кеңештин түзүлүшү кадр саясатында демократиялык көрүнүштөрдү пайда кылат деген оюн билдирди. Талкууда айтылган сын жана сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору толукталып, палатанын кароосуна кайрадан коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG