Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Кыргызстан адам сатууга каршы жакшы күрөшө албай жатат


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл кечээ адам сатуу боюнча жылдык докладды жарыя кылды. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Ал докладда айтылган маалымат боюнча Кыргызстан экинчи деңгээлдеги мамлекеттердин катарына кирди жана бул адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча минималдык стандарттарга толук жооп бербей тургандыгынан кабар берет. АКШ өкмөтүнүн адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Жон Миллердин айтымында, адам саткан кылмыштуу топтор Кыргызстандын калкынын жакыр катмарын кылтакка көп алат.

Ал эми докладда айтылган маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө мамлекеттик чек аралар аркылуу жылына 600 миңден 800 миңге чейинки сандагы адамдар кулчулукка чыгарылып кетет. Анын 47 проценти аял жана анын ичинде 18 жашка чейинкилери 34 процентти түзөт. 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны болсо 18 процентти түзүп, кулчулукка алданган адамдардын 80 проценти аял менен балдар болот. АКШ өкмөтү мындай аракеттерге каршы күрөшүү үчүн былтыр 70 миллион, быйыл 120 миллион доллар бөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG