Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

«Адилет шайлоо үчүн» бирикмеси арышын арттырууда


БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин Ош, Жалалабад, Нарын, Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында жергиликтүү бөлүмдөрү түзүлдү. Мындай маалымат бүгүн бирикменин мүчөсү Мелис Эшимкановдон алынды. Бирикменин башкы штабынын жетекчиси Эмил Алиев болсо азыр Баткен облустук бөлүмүн түзүү жана райондордо жооптуу адамдарды дайындоо аракеттери көрүлүп, кызматташууга татыктуу адамдар иликтенип жаткандыгын билдирди. Андан тышкары, бирикмеге кирген адамдардын саны арбып, Кыргызстанга белгилүү саясий, коомдук ишмерлердин саны 40тан ашкандыгын кабарлады. Штаб жетекчи Эмил Алиевдин айтымында, бирикменин саясий платформасынын долбоору талкуудан өтүп, ал бирикменин жыйынында кабыл алынаарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG