Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

8 чакырым чек ара сызыгы такталды


БИШКЕК. Өткөн жумада Ош шаарында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча эксперттер деңгээлинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов бүгүн билдирди. Анын айтымында, төрт күнгө созулган сүйлөшүүдө Баткен жана Фергана облустары чектешкен жерде 8 чакырым чек ара сызыгы аныкталды. Натыйжада 1295 чакырым келген эки мамлекеттин чек ара сызыгынын делимитацияланган бөлүгү 1 миң чакырымдан ашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG