Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Эл өкүлдөр жыйыны сессияга кам көрүп жатат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 23-июнда баштала турган ХХ сессиясында 66 маселени карайт. Мындай маалымат бүгүн палатанын басма сөз кызматынан алынды. Сессияда өкмөттүн 2003-жылы жүргүзгөн иши тууралуу премьер–министр Николай Танаев, Улуттук банктын былтыркы жылдагы ишмердиги тууралуу банк төрагасы Улан Сарбанов жана Башкы прокуратуранын өткөн жылдагы иши боюнча башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев отчет беришет.

Андан тышкары палата алдында конституциялык мыйзамдуулуктун өлкөдөгү абалы жөнүндө Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, адам эркиндигин жана укуктарын коргоонун абалы тууралуу акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу доклад жасашат.

Андан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарынын түзүлүшү жөнүндө маалымат берет. Палата ошондой эле, экономикага байланыштуу бир катар маселелерди карап, Жогорку соттун судьяларын шайлап, жалпы юрисдикциядагы соттордун судьяларын дайындоого макулдук берет.

XS
SM
MD
LG