Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Шанхай уюмунун жыйыны өтөт


БИШКЕК. 16-17-июнда Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити болот. Ага Кыргызстандан президент Аскар Акаев жетектеген делегация катышат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында мамлекет башчылары регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, уюмдун органдарында төрагалык кылуу жана 2005-жылы кезектеги саммитти өткөрүү маселесин талкууламакчы. Саммиттин жыйынтыгында Ташкен декларациясына, маңзаттардын сатууга бөгөт коюуда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө. Жыйын учурунда ошондой эле уюмдун регионалдык антитеррордук структурасынын кеңсесин ачуу аземи да болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG