Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Куловдун адвокаты түрмө башчысына арыз берди


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова №19 түрмөнүн жетекчилигине Куловду абактан бошотуу тууралуу арыз жолдоду. Мындай маалымат бүгүн Любовь Ивановадан алынды. Мыйзамдар боюнча Кулов өткөн жылы эле абактан чыгышы керек болчу. Эгер ал азаттык алса мөөнөтүнөн мурда чыкты деп эсептелмек, себеби Куловдун түрмөдөгү кээ бир күндөрү эки күнгө эсептелүүгө тийиш эле. «Бирок ага карата мыйзамдар колдонулбай жаткандыктан чыгарылган жери жок», деп билдирди адвокат. Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Куловдун өзү «күнөөм жок» деп, абактан аны бошотууну сурап түрмө жетекчилигине арыз жазбай койгондугун билдирди.

Андан тышкары Куловду түрмөдөн чыгарууга негиз берген жагдайлар боюнча Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын атайын бөлүмү менен №19 түрмөнүн атайын бөлүмүнүн ортосунда карама-каршылыктар болуп, ал азыр такталып жаткандыгын кабарлады.

Ал эми «Агым» гезити жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Кулов 8-августта чыгат деп эсептегендигин шейшембиде жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG