Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Түштүк Корея Түндүк Кореяга экономикалык көмөк көрсөтөт


СЕУЛ. Түштүк Корея эгерде Пхеньяндын ядролук программасынын айланасындагы жаңжал жөнгө салынса Түндүк Кореяга экономикалык көмөк көрсөтөт. Түштүк Кореянын президенти Но Му Хендин бүгүн жасаган билдирүүсүнө караганда, Сеул Пхеньяндын өнөр жайы менен инфраструктурасын өнүктүргөнгө жардам бермекчи. Анын аралыгында, бүгүн Кытайдын тышкы иштер министрлиги КНДРдин ядролук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөр 23-26-июнда Бэ'жинде өтө турганын билдирди. Ал сүйлөшүүгө Түштүк жана Түндүк Корей мамлекеттери, АКШ, Япония, Россия жана Кытай катышып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG