Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Ооганстандын президенти Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


ВАШИНГТОН. Ооганстандын президенти Хамид Карзай АКШга Ооганстандын чарбасын калыбына келтирүүгө жардам берип жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Конргесстин эки палатасында сүйлөгөн сөзүндө Карзай согуштан жабыркаган мекенине инвестиция берүүнү мындан ары да улантууга чакырды. Ал эми Карзайдын АКШдагы визитинин учурунда Кабулда жүзгө жакын адам Карзайдын кызматтан кетишин талап кылып, демонстрация өткөрүштү.

Акцияга чыккандар Карзайдын мамлекет башчылыгына дайындалган мөөнөтү соңуна чыккандыгын айтып жатышат. АКШ баштаган коалиция Талибандын бийлигин кулаткан соң Карзай Германияда кол койулган келишимге ылайык убактылуу өкмөттүн башчысы болуп дайындалган. 2002-жылы июнь айында Лойа Жырга аны дагы эки жылга мамлекет башчысы кылып шайлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG