Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Таластык пенсионерлер ишкер план түзүүнү үйрөнүп жатышат


ТАЛАС. Ушуну менен экинчи жолу уюштурулган мындай семинарды Балыкчы шаарындагы улгайган адамдар үчүн ачылган ресурстук борбордун адистери өткөрүп жатышат. Пенсионерлер өз ара топторго биригип, киреше алып келүүчү кайсы бир ишкердүүлүктүн түрү боюнча түзгөн бизнес пландарына Европа комиссиясы грант берет. Ресурстук борбордун адистеринин айтымында, пенсионерлердин Талас шаарында түзүлгөн тобун кошкондо Кыргызстанда ушундай 15 бирикме түзүлдү. Аларды Европа комиссиясынан тышкары «Эл аралык толерантуулук үчүн» фондусу жана Улуу Британияда жайгашкан улгайгандарга жардам фондусу кошумча каржылайт. Бир жарым жылга эсептелген пилоттук бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып кеткенден кийин ага айыл жериндеги пенсионерлер да тартылат.

XS
SM
MD
LG