БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин отставкадагы беш полковниги пенсия алуу укугун коргоп берүү талабы менен президент Аскар Акаевге кайрылышты. Полковник Карабай Асаналиевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өкмөт 1995-жылдагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөгү» 1993-жылы кабыл алынган мыйзамдын талаптарын бузууда. Натыйжада, 1995-жылдан бери мурдагы милиция кызматкерлерине кеминде 194 миллион сом төлөп бербей койгон.
«Өкмөттүн мындай токтомун жокко чыгарууну мамлекет башчысынан өтүнөбүз, эгерде биздин талап канааттандырылбаса сотко кайрылууга мажбур болобуз», - деп белгиледи полковниктер Карабай Асаналиев жана Марсель Исаков.