Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Кырсык болгон жерде жаңы үйлөр курулууда


БИШКЕК. Алай жана Каракулжа райондорундагы жер көчкүдөн улам башка жакка көчүрүлгөн үй-бүлөлөр Карасуу районундагы Бешмойнок жана Кызылташ участокторунда турак-жай курууда. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган үй-бүлөлөргө 88 жер участогу бөлүнүп, анын 78де пайдубал куюлууда.

Министрлик электр кубаты, суу менен камсыздоо багытында иштерди жүргүзүп, жаңы айыл ичине үч чакырым жол курду. Чатырларда жашап, үйлөрүн куруп жаткан атуулдар үчүн эң негизги маселе ссудаларды өз убагында алуу болуп жатат,- деп белгиленет Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG