Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Дүйнөлүк банктын Сойе Линн жетектеген миссиясы менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жолугушту. Анда донор мамлекеттердин Кыргызстандагы долбоорлорун ирээтке келтирүү маселеси талкууланды. Дүйнөлүк банк баштаган каржы институттар менен донор мамлекеттер өткөн жылы өнүгүүдөгү өлкөлөрдөгү долбоорлорун ирээтке келтирип, алардын натыйжалуу болушу үчүн үлгү катары дүйнөдөгү 14 мамлекетти тандап алган. Ал мамлекеттердеги долбоорлор бири-бирин кайталабагандай жана алар жардам алган өлкө өкмөтү келечектүү деп эсептеген тармактарына көмөк көрсөтө ала тургандай болушу зарыл деген милдетти алдыга койгон.

Европа жана Борбор Азия боюнча тажрыйба жүргүзүүчү мамлекет катары тандалган Кыргызстанда азыр мына ушул милдетти ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө жана кыргыз өкмөтү анын натыйжасы тууралуу отчетту эмдиги жылдын жаз айында бермекчи.

XS
SM
MD
LG