Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстанга Марк Данзон келет


БИШКЕК. 17-июнда Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн директору Марк Данзон баш болгон делегация келет. Ал премьер-министр Николай Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов баш болгон расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Анда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын реформалоо, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды эл аралык нормага шайкеш келтирүү сыяктуу маселелер талкууланат. Андан сырткары Кыргызстандын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна карызын реструктуризациялоо маселеси да каралмакчы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG