Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Дүйнөлүк банк 6,9 млн. доллар грант бөлдү


БИШКЕК. Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Кыргызстандын "Күтүүсүз кырдаалдарды алдын-алуу" деген долбоору үчүн 6 миллион 900 миң доллар бөлдү. Мындай маалыматты бүгүн Дүйнөлүк банктын өлкөдөгү өкүлчүлүгү таратты. Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиевдин билдирүүсү боюнча, грант түрүндө берилген бул каражат Майлуусуу шаарынын тегерегиндеги уран калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандырууга, кырсыктарды алдын-алуу боюнча республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги системаны түзүүгө жана жер көчкү болуучу жерлерди алдын-ала болжоп, элге кабарлоо иштерине жумшалат.

Кыргызстан Дүйнөлүк банкка 1992-жылы мүчөлүккө өткөн. Андан бери эки тарап 650 миллион долларлык ар кандай макулдашууларды түзүштү.

XS
SM
MD
LG