Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Коммерциялык эмес уюмдар мыйзам долбооруна каршы


БИШКЕК. Коммерциялык эмес уюмдар «Жамааттар жана алардын бирикмелери» аттуу мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы. Мындай билдирүүнү бүгүн «Интербилим» борбору менен жарандык коомго колдоо көрсөтүү боюнча Бишкек борбору жасашты. Билдирүүдө Жогорку Кеңештин кароосуна өкмөт тарабынан сунушталып жаткан бул долбоор жамааттардын укуктары менен эркиндигин чектеп, жергиликтүү бийликтин көзөмөлдөөсүн негиз бере тургандыгы айтылат. Андан тышкары жамааттардын сөзсүз түрдө каттоодон өтүүсүн шарттаары баса белгиленет. Аталган мыйзам долбоорун демократиялык коомду колдоо боюнча өлкөдөгү 11 борбор талкуулап, ага каршы билдирүү кабыл алышкан. Мыйзам долбоору жергиликтүү жамааттардын укугун чектөөгө жол берээри айтылган ал билдирүүлөр парламентке, өкмөткө жолдонгон.

Ага карабастан Мыйзам чыгаруу жыйынынын тиешелүү комитети долбоорду бүгүн карап, палатанын кароосуна коюу чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG