Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Сотторго нааразы болгон таластык фермер пикетке чыкты


БИШКЕК. Бүгүн Талас районундагы Жонарык айылынын фермери Афтандил Тынышев Жогорку соттун алдына беш, тогуз жана он бир жаштагы үч баласы менен пикетке чыкты. Анын айтымында, 1996-жылы Талас районундагы Кеңкол өрөөнүнөн 15 миң сомго сатып алган сарайды Талас райондук сотунун судьясы Марат Ибраев менен Талас райондук мурдагы арбитраждык соттун судьясы Анара Дубанбаева өз туугандарына тартып берип койгон. Фермердин маалыматы боюнча, жергиликтүү соттордун мындай чечимдерине каршы берилген арыздарды жогорку инстанциядагы соттор да калыс карабай койгон. Афтандил Тынышевди Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кабыл алып, тез аранын ичинде иштин кайра каралышын туура көрөрүн жана иштин аткарылышын өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.

Пикетке чыккан фермердин айтымында, аталган сарайдын мурдагы ээси Курманбек Төтөшев 1997-жылдын июль айында каза болуп калган. Бирок судьялар Марат Ибраев менен анын аялы Анара Дубанбаевалар ошол 1997-жылдын ноябрь айында болгон сотко маркумду - Төтөшевди катышты деп, Афтандил Тынышевдин сарайга ээлик кылуу укугунан ажыраткан чечим чыгарган. Ошондуктан фермер судьяларга катуу чара колдонууну Жогорку соттун төрагасынын биринчи орун басары Жеңиш Досматовдон өтүндү.

Буга чейин да Афтандил Тынышев аталган судьяларга каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу арызын Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жолдогон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG