Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Евробиримдик Иран өкмөтүнө кайрылды


Бүгүн евробиримдик Иран өкмөтүнө кайрылып, атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин талаптарын аткарууга үндөдү.

Эртең менен Ирандын президенти Хатами агенттик анын өлкөсүнө карата катаң резолюция кабыл алса, Тегеран уранды байытууну токтотуу милдеттенмесинен баш тартышы ыктымал деп билдирген эле. Президент Британия, Франция жана Германия тарабынан даярдалган резолюция долбоорун сындап, документ Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин жоболоруна дал келбейт деди. Ошол эле мезгилде Хаттами, Иран Түндүк Кореячылап келишимден чыкпайт деп кошумчалады.

Еврокомиссиянын басма сөз катчымы Эмма Удвиндин айтымында, уюм Ирандын эл аралык коомчулуктан обочодо калышын каалабайт. Бирок бул үчүн Тегеран агенттик менен кызматташууга тийиш.

XS
SM
MD
LG