Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

ПАРЛАМЕНТ ПРЕЗИДЕНТТИН ВЕТОСУНА ӨЗ ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРДИ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Парламент «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзам боюнча президент А.Акаевдин чектөөлөрүн толук кабыл алган жок. Ветого байланыштуу парламент дүйшөмбүдө добуш берип, депутаттардын үчтөн эки бөлүгү мыйзамдын негизги беренелерин мурдагыдай калтырууну жактады. Бир ай ичинде кайра кайтып барары күтүлүп жаткан бул мыйзамга президент эми кол коёбу-жокпу бүдөмүк бойдон калууда.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам өткөн жылы Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштелип чыгып, үч долбоордун негизинде кабыл алынган. Ал Жогорку Кеңештин азыркы иштеп жаткан кош палатасы үчүн да, келерки бир палаталуу парламент үчүн да кызмат кылууга ылайыкташкан.

Кыргыз парламентинде биринчи жолу кабыл алынып жаткан “регламент жөнүндөгү” мыйзам 700 беренени ичине камтып, беш бөлүмдөн турат. Төрага Абдыганы Эркебаевдин айтымында, мыйзамга кол коюлса, ал парламенттин иштөө тартибин, мыйзамдарды даярдоо жоопкерчилигин күчөтөт.

Үч айга чукул талкууланган мыйзам өткөн жылдын 30-майында кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөн эле. Бирок А.Акаев мыйзамдын көпчүлүк беренелерине макул эместигин билдирип, палатага былтыр жайда кайтарып берген.

Ветого дүйшөмбүдө кайрылган депутаттар беренелерге өз алдынча токтолбой эле мамлекеттик түзүлүш комитетинин сунушуна ылайык дүңүнөн добуш беришти. Айрым депутаттардын баамында президент менен парламент ортосундагы негизги пикир келишпестик бийлик бутактары ортосундагы бийлик бөлүштүрүү маселесине барып такалууда. Маселен, өкмөт мүчөлөрүн, жетекчи органдардын башчыларын бекитүү, мыйзамдарды кабыл алуу тартиби өңдүү маселелер боюнча президент парламенттин оюна макул болбой жатат. Бул өңдүү маселелер мыйзам кабыл алынганга чейин эле талаштын өзөгүн түзүп келген.

Мыйзамга жоопкер мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Апсамат Масалиевдин айтымында:

- Бул жерде Жогорку Кеңештин өкмөт менен, президент менен мамилеси жөнүндө сөз кетип атат. Көптөгөн маселелер бар. Жогорку Кеңешке азыр кадрларды бекитүүнүн бир тобун президент алып чыгат, соттор, министрликтер, өкмөт мүчөлөрү боюнча – булардын баарын президент алып чыгып, Жогорку Кеңеш бекитет. Мына ушулардын кээ бирлери боюнча минтпей эле койбойлубу деген ой-пикирлер келген. А биз Конституцияны карап туруп «биз аны аткарышыбыз керек» деген маселени койдук.

Мыйзам экинчи ирет президентке бир ай ичинде сунушталат жана анын негизинде дагы бир айлык мөөнөттө А.Акаев мыйзамга өз пикирин айтышы керек. Депутаттардын кээ бирлери президент мыйзамга кол койбой коюш ыктымалдыгын да жокко чыгарышпайт. Масалиев болсо мындай одй колдобойт:

- Андай болбош керек. Биз бул боюнча аябай иштедик. Президент менен көптөгөн беренелер боюнча макул болдук. Бирок бир тобуна макул болгон жокпуз. Эми президент жалгыз киши. Биз бул жерде 60 депутат иштеп атпайбызбы. Тажрыйбалуу депутаттар. Ошондуктан, мыйзамды толугу менен кайра кайтарат деген тарыхта болбогон иш. Эгер андай болсо мамлекет башчысы дагы бир жолу жакшы эмес мамилесин көрсөтөт. Менимче, андай болбошу керек.

Депутат Ташболот Балтабаев болсо келерки парламенттин легитимдүүлүгүн камсыздоо үчүн президент бул мыйзамга кол коюшу керек дейт:

- Эгер биз ушул мыйзамдын негизинде иштебесек легитимсиз болуп калат. Себеби ал жерде мыйзам менен иштесин деп жазылып турбайбы. Мыйзамды кабыл ала берсек регламенти жок кабыл алынган мыйзам легитимсиз деген маселе чыгышы мүмкүн. Анда эмне болот?

Ал эми айрым байкоочулар «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам жарым жылдан кийин шайлана турган жаңы парламенттин кайра карай турган биринчи иши болушу да ыктымал дешет.

Вето тууралуу президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү да, мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү да өз пикирин билдире элек.
XS
SM
MD
LG