Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

САУДИЯ САК-САКТАП КАЛДЫБЫ?


Акыркы кездери Сауд Аравияда исламчыл согушкерлердин кол салуулары көбөйдү. Маселен өткөн аптанын ичинде эле бул жерден Батыштын үч тургунун атып кетишти. Бир катар эксперттер Саудиядагы азыркы кырдаалды Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынын алдында түзүлгөн жагдай менен салыштырышууда. Бирок айрым аналитиктер бул жерде Ирандагыдай окуя орун албайт жана Саудиядагы падышалык үй –бүлө бийликтен кулоо коркунучунан кутулуу үчүн диний консерваторлор менен либералдарды тең канаатандырган реформаларга барышы керек деп эсептешет.

Исламчыл согушкерлердин кол салуулары Сауд Аравияда акыркы бир жылдын аралыгында арбыды. Батыштык эксперттер өзгөчө алар өлкөнүн мунай өндүрүшүнө залал келтирүүнү көздөгөнүнөн кооптонушууда. Сауд Аравиянын үлүшүнө дүйнөнүн мунай өндүрүшүнүн чейрек бөлүгү туура келет.
Саудиянын мунай өнөр жайынын борборлорунун бири катары эсептелген Хубар шаарында өткөн айда согушкерлер чет элдик мунай компанияларда иштегендерди барымтага алып, натыйжада 22 адам каза тапты. Ушул окуядан улам өлкөнүн мунай өндүрүшүндө оголе көп санда иштеген чет элдиктер Саудиядан кете баштайбы деген кооптонуулар чыкпай койгон жок.

Көбүнесе теги саудиялык Усама бин Ладендин "ал-Каида" уюму менен байланышта каралып келген мындай кол салуулар олуттуу түрдө былтыр башталды. Алгач өлкөнүн башкалаасы Эр –Рияддын чет элдиктер жашаган району бутага алынып, анда жанкечтилер жасаган жардыруулардан 26 чет элдиктин өмүрү кыйылган. Өткөн аптанын ичинде эле бул жерден Батыштын үч тургунун, анын ичинде эки америкалыкты атып кетишти.

АКШнын өзүндө болсо 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин айрымдар Сауд Аравияны алтымыш жылдан берки маанилүү өнөктөш экенине карабай, Вашингтондун дүйнөдөгү кызыкчылыктарына эң чоң коркунуч жаратуучу катары атап келишүүдө. Бирок Кошмо Штаттардын азыркы администрациясы ошол 11-сентябрда учактарды айдай качкандардын көпчүлүгү Саудиянын жарандары болгону менен эч качан жогорудагыдай пикирди билдирген эмес. Анткен менен азыр жагдай өзгөрө баштагандай. АКШнын Ирактагы кыйынчылыктары Жакынкы Чыгыш боюнча идеялардын кеңейишин шарттады.

Жакында АКШ администрациясынын жогорку даражалуу мурдагы өкүлү, терророчулукка каршы күрөшүү маселелерин тейлеген Ричард Кларк анда Саудиянын падышалык үй-бүлөсү 1979-жылы Ирандын шахы кулатылгандай сценарий менен бийликтен четтетилиши мүмкүн деген кооптонуу бар экенин билдирди. АКШнын Борбордук Чалгын кызматынын соңку отчетунда да Сауд Аравия 2020-жылга чейин исламчыл радикалдардын колуна өтүп кетсе, таң калбоо керектиги айтылган.

Батыштык айрым аналитиктер да Сауд Аравия коомду модернизациялоо боюнча олуттуу реформаларга бармайынча, башкаруучу үй –бүлөнүн бийликтен кулоо коркунучу сактала берет деген пикирлер менен макул. Коомдук пикирди билүү максатында былтыр жүргүзүлгөн иликтөөлөр да саудиялыктардын дээрлик жарымы "ал-Каиданын" лидери Усама бин Ландендин бийликке келүүсүн каалабаса да анын идеяларын колдоорун көргөзгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG