Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

ОШТО ТҮЗҮЛГӨН ЖАШТАР КЫЙМЫЛЫ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР


Өткөн жумада Ош шаарында «Ойгон Кыргызстан жаштары» деп аталган коомдук-саясий кыймыл түзүлгөн. Ал жаштардын коомдук-саясий, атуулдук жигерин көтөрүүнү жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн күрөшүүнү максат кылат. Анын уюштуруучулары билдиришкендей, кыймыл азыркы бийликке оппозициялык маанайда түзүлгөн. Кыймыл тууралуу Кыргызстан коомчулугунун жана жаштарынын арасында түрдүү пикирлер жаралды.

Азырынча «Ойгон Кыргызстан жаштары» кыймылынын жетекчилиги шайлана элек. Кыймылды уюштуруучулардын бири - Авдувахаб Мониевдин айтымында, анын программасын, иш-чараларынын планын талкуулоочу жалпы жыйыны 20-июнда Ош шаарында болот. Абдувахаб Мониев кыймыл тууралуу мындай деди:

- Кыймыл Кыргызстандагы реалдуу, олуттуу саясий күч болот деп ишенем. Себеби буга чейин далай эле кыймылдар, партиялар түзүлүп, кургак кыйкырык менен гана алектенип же болбосо такыр эле аты-жыты жок болуп кетип атат. Биз ошол саясий партиялар менен кыймылдардын аракеттерин талдап, алардын ийгиликтерин да, кемчиликтерин да таразадан өткөрдүк. Эми өзүбүз башкача, олуттуураак иштегенге аракет кылабыз. Алардын кемчиликтери бизге сабак болду. Кыймылды оппозициялык маанайда деп расмий билдиргенибиз жок. Бирок Кыргызстандагы бүгүнкү саясий жана социалдык–экономикалык кырдаал өзү эле оппозицияда болууга түртөт.

«Ойгон Кыргызстан жаштары» кыймылынын түзүлүшү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. 90-жылдары Кыргызстанда коммунисттик идеологияны кулатууга катышкан, ошол кездеги жаш демократ - Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев:

- Акыркы кездерде түзүлүп жаткан саясий уюмдардын оппозициялык маанайда болушу табигый иш. Анткени бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясат элдин купулуна толбой, эл саясаттын өзгөрүшүн эңсеп турганы белгилүү. Атуулдук активдүүлүктүн үлгүсү катары бул кыймылды колдоп, кубаттайм. Бардык коомдук болобу, саясий болобу, уюмдар эриш-аркак болуп, бири-бирин колдоп иш алып барса бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясатты өзгөртүүгө биздин коомдун күчү жетип калат.

«Жаштар» партиясынын жетекчиси Айдар Бакыевдин пикири:

- Бүгүнкү күндө демократиялык түрдүү жараяндар жүрүп жатат. Ар кандай атуулдук, коомдук институттар түзүлүүдө. Бул кыймыл да алардын бири катары эсептелет. Эгерде алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, адамдык ресурстарын Кыргызстандын, жаштардын келечеги үчүн жумшашса –бул жаман эмес. Маселе кыймылдын туулгандыгында эмес, бутуна туруп кеткендигинде.

Айрым пикирлерге караганда жаңы уюшулган бул кыймыл учурда орто мектепти жана жогорку окуу жайларын бүтүрүп, жумушсуз жүргөн жаштардан көбүрөөк колдоо табуусу мүмкүн. Мындай пикирин «Эл үчүн реформа, Акаевге отставка» кыймылынын Жалалабад облусу боюнча координатору Медер Үсөнөв билдирди:

- Кыймыл колдоо табат деген ойдомун. Азыр биздин жаштар мектепти, окууну бүтүп алып иши жок, жумушка орношо албай кыйналып атышат. Эгер ошол жаштар кыймылдын реформасы, максаты менен таанышса, алардын катарына кириши мүмкүн.

Бирок коомчулукта «Кыймыл түзгөн балдардын артында кандайдыр бир саясий күчтөр же белгилүү бир саясатчылар турушу ыктымал. Бул болгону келе жаткан шайлоонун алдында болуп жаткан аракеттердин бири» деген ойлор да айтылууда. Жаштар иштери боюнча республикалык департаменттин жетекчисинин орун басары Калыс Шадыхановдун пикири ушундайча:

- Шайлоо жакындап калды. Ошондуктан адамдар өз кызыкчылыгы үчүн, ачык айтканда, шайлоодо эптеп депутаттыкка өтүү үчүн эле ушундай кыймылдарды түзүп атышат. Чындыгында, биринчи эле максат ошол жакта жатат. Мындай кыймылдардын артында сөзсүз кандайдыр бир депутат же дагы башка кимдир-бирөө турат.

Ал эми «Ойгон Кыргызстан жаштары» коомдук-саясий кыймылынын уюштуруу кеңешинин мүчөсү Абдувахаб Мониевдин айтуусунда, кыймылдын артында эч кандай саясий фигура жок. Ал көкүрөгүндө патриоттук жигери, келечек үчүн деген аруу максаты бар жаштардын кайнаган каалоосу менен гана түзүлгөн дейт Мониев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG