Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

БУШТУН ТЫШКЫ САЯСАТЫ СЫНДАЛУУДА


Азиза Турдуева, Прага АКШдагы бир катар экс-дипломаттар жана аскер тармагында көп жылдар бою иштеген ардагер адистер президент Жорж Буштун тышкы саясатын кескин сынга алып чыгышты. 26 адамдан турган бул топ Бушту сындаган билдирүүсүн жарыялады. Алардын пикиринде, Жорж Буштун соңку мезгилде жүргүзгөн саясаты АКШнын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизди.

АКШнын президенти Жорж Буштун тышкы саясатын сындап чыккан бул топтун курамында көп жылдары бою АКШнын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде жана өлкөнүн аскер тармагында иштегендер, саясий партиялардын өкүлдөрү бар. “Дипломаттар жана аскер башчылар өзгөрүүлөр үчүн” деп аталган бул топтун пикиринде, президент Жорж Буштун соңку саясий кадамдары өлкөнүн тышкы саясатына жана анын дүйнөлүк коомчулуктагы ордуна өз кедергисин тийгизүүдө. Бул топтогу айрым саясатчылар маалымат каражаттарынын беттерине президент Буштун саясаты алардын АКШнын тышкы саясатын жакшыртуу боюнча буга чейинки аракеттерин жокко чыгарып жатат деген сындары менен чыгып жатышат.

Алар маалымдагандай, АКШнын Иракка согуш ачышы анын көптөгөн өнөктөштөрү менен болгон мамилелерине терс таасирин тийгизди. Ал эми Франция менен Германия эми гана АКШнын Ирак боюнча сунуштарын колдой баштады. Буга чейин Улуу Британиянын да дипломаттар тобу премьер-министр Тони Блэрдин Иракка карата жүргүзгөн саясатын сындап чыгышкан.

Буштун саясатына каршы чыккан адамдар бул топ сенатор Жон Керрини президенттик шайлоодо колдоо максаты менен түзүлгөн жок деп билдиришүүдө. Алардын максаты - президент Буштун жүргүзгөн саясатынан кийин АКШнын эл аралык коомчулуктагы аброюн калыбына келтирүү кыйынга тураарын шайлоочуларга түшүндүрүү. Ал эми республикалык партиянын өкүлдөрү болсо, Жорж Буштун саясатын сындаган мындай топтун түзүлүшү президенттик шайлоого эч кандай таасирин тийгизе албайт деген пикирлерин айтышууда. Алар өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ирак боюнча АКШ менен Улуу Британия тарабынан сунушталган резолюция колдоо тапкандыгын баса белгилешүүдө.

Виржиниялык саясий аналитик Ларри Сабато болсо, президент Буштун саясатын сындаган топтун негизги бөлүгү Демократиялык партиянын мүчөлөрү экендигин белгилөөдө. Мисалы, дейт Сабато, бул топто Роналд Рейгандын жана улуу Жорж Буштун президенттик мезгилинде АКШнын аскердик күчтөрүнүн башында туруп, кийин президент Билл Клинтонду да колдогон Уилям Кроу бар. Аналитик бул топ келээрки президенттик шайлоодо сенатор Жон Керрини колдоо үчүн түзүлдү деп шектенет:

- Бул топ ар күнү Жон Керрини колдоо боюнча иш жүргүзбөй жаткандыгы жана ага расмий кеңеш бербегендиги анын шайлоодо сенаторду колдоого албагандыгын түшүндүрбөйт. Бул абдан бир тараптуу көрүнүш. Анткени, быйыл президенттик шайлоо боло турган жыл. Ошондуктан, бул топтун ишин бейтарап деп баалоо кыйын болоор эле.

Ал эми Вашигтондогу Америкалык университеттин саясат таануучусу Алан Лихтман дипломаттар менен аскер жетекчилеринин президент Бушту сындагандыгы туура, анткени Буштун саясаты эл аралык коомчулукта гана эмес, АКШнын атуулдарынын арасында да кайчы пикирлерди пайда кылды деп эсептейт:

- Президент Буш АКШнын тышкы саясатын кескин өзгөрттү. Анын карманган доктринасы радикалдуу болуп эсептелет. Ал эми радикалдуу тышкы саясат жүргүзүү, радикалдуу доктриналар АКШга гана эмес, бүткүл дүйнөгө да өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал эми радикалдуу кадамдар көбүнесе өлкөнүн жогорку бийлигиндеги чиновниктердин сунуштарына негизделет.

Анын пикиринде, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ирак боюнча резолюциянын колдоо тапкандыгы деле эл аралык коомчулуктагы жана АКШдагы Иракка карата Жорж Буштун саясатына карата сын мамилени чукул өзгөртүүгө алып келбейт.

XS
SM
MD
LG