Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ЖЫЙЫНЫ, М. АШЫРКУЛОВ ТУУРА КЫЛДЫБЫ, ЫСЫККӨЛДҮН КЕРЕМЕТИ


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы Ысыккөлдө өткөн “Евразия 21-кылымда” эл аралык конференциясы жөнүндө баяндады. ”Вечерний Бишкек” басылмасы Ташкенде башталган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны тууралуу кабарлады.

17-июнда чыккан “Жаңы ордо” басылмасында эгемендүүлүк алгандан берки кадр саясатын талдоого алган жана анын күнгөй-тескейи жөнүндө Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Апсамат Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Курманбек Бакиев жана Темир Сариевдин ой–пикир, сунуштары жарыяланды.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында “Эмне үчүн Чыгыш Европа мамлекеттеринде парламенттик башкаруу орногон? Ал эми Борбор Азия жана Шериктеш өлкөлөрдө президенттик бийлик өкүм сүрүүдө? Бул аймактагы геосаясый абал кандай? Президент Аскар Акаев географияны начар билеби? Себеби Борбор Азия дегендин ордуна Борбордук Евразия дегени кандай?" Мындай суроолорго басылманын эксперти Марат Сүйүнбаев жооп берген.

Ошондой эле ушул жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова буларды айтып берди:

- Өлкөдөгү атуулдардын соттошуулары, Кылмыш кодексиндеги чалагайымдыктар тууралуу баяндама бар. Кыргызстандык атуулдар демократиянын кайсыл моделин кабыл алышы керек? Ысыккөлдөгү көпчүлүк эс алуучу жайлардын жеке менчикке, башкача айтканда, чет өлкөлүк жарандарга өтүп кетүүсүнө жергиликтүү калктын ой-пикири кандай? Бул боюнча белгилүү саясатчылар, депутаттар жана Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева да ой бөлүшөт. Өлкөдө чөнтөк телефду колдоонуунун жана бул тармактын көйгөлөрү тууралуу баяндама басылды. Ошондой эле белгилүү коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыковдун 1928-жылы жазылган “Кыргыздардын санжырасы, тарыхы жана үрп-адаты" иликтөөсүнө орун берилди.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси Ысыккөлдө өткөн «Евразия 21-кылымда» деген эл аралык конференция жөнүндө кабарлады. «Аймактык жана эл аралык интеграция - бул учурдагы цивилизациянын өнүгүүсүнүн даңгыр жолу. Евразия аймагында жашап жаткандыктан бардык саясый проблемаларды мамлекеттик ишмерлер элдин колдоосу менен чечсе, натыйжалуу болоорун» белгиледи президент Аскар Акаев жыйында деп жазат басылма.

Ушул басылма легендарлуу хоккей жылдызы, олимпиаданын үч жолку чемпиону, дүйнөнүн 10 жолку жеңүүчүсү Вячислав Третьяк өткөн жумада Ысыккөлдө эс алып, анын кереметине суктанып, кайра дагы кайрылып келүүгө ниет кылганын билдирди. «Өмүрүмдө көп эле жерди, керемет жайларды көрдүм эле. Бирок Ысыккөлдүн кооздугу мени арбап алды. Көлгө жан-дүйнөнү тазартыш үчүн келиш керек экен. Көлдүн касиетин, кереметин байкадым» дейт даңазалуу Вячислав Третьяк мырза. Ошондой эле Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Любовь Слиска дагы Ысыккөлдө эс алуу керемет экенин айтып, көлгө Орусиянын журналисттерин дагы чакырып, мындай эс алуу аймагын кеңири рекламалоо зарылдыгын белгиледи.

Ушул басылма журналист Садырбек Чериковдун «Мисир, сеники туура эмес» деген макаласына орун берди. Мында бийлик менен оппоцизиянын ортосундагы ажырымды чоңойткон «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин төрагасы Мисир Ашыркулов «суу ичкен кудугуна түкүрүп», келечекти көрө билбеген, этиканы сактабаган чабал саясатчы экендигин айгинелеп койду» деп жазат автор.

16-июнда «Демократ» басылмасынын жаңы саны жарык көрдү. Анда 2003-жылда өлкөдөгү адам укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушу жана сакталышы тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун баяндамасы жарыяланды. "Демократия өнүккөн өлкөлөрдө да жарандардын укуктары жана эркиндиктери бузулган учурлары аз эмес. Ошондуктан жаш мамлекетибиз мындан ары укук коргоого жана эң жогорку гуманитардык стандарттарга теңелүүгө багытталган кадамдарды жасоосу абзел» дейт акыйкатчы.

16-июндагы «Вечерний Бишкек» басылмасы өлкөгө келген 30 миңден ашуун чет элдиктерге жашыл түстөгү коопсуздук карточкасы бериле баштаганын кабарлады. Ошондой эле Ташкенде башталган Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин кезектеги жыйыны тууралуу жазды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG