Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

ЭТИКАЛЫК КОДЕКС ЖУРНАЛИСТТЕР ТАРАБЫНАН ЖАКТЫРЫЛГАН ЖОК


15-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги бюросу "Маданий жана гуманитардык деимилгелер фонду" менен бирдикте «Шайлоо кампаниясын жүргүзүүдөгү талапкерлердин этикалык кодексин» талкуулоо өткөрдү.

«Шайлоо кампаниясын жүргүзүүдөгү талапкерлердин этикалык кодекси» үстүбүздөгү жылдын 31-мартында ЕККУ менен "Маданий жана гуманитардык демилгелер фонду" тарабынан депутаттардын, депутаттыкка талапкерлердин, саясий партиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн биринчи "тегерек үстөлдө" сунуш кылынган.

Бул жолку жыйын анын 2-баскычы болуп саналып, ага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Анткени кодекстин бир главасы шайлоо кампаниясынын алдында талапкерлердин маалымат каражаттары менен иштөө этикасына арналган. Бирок "тегерек үстөлгө" келген журналисттер мындай кодекстин маалымат каражаттары үчүн зарылчылыгы жок экендигин белгилешип, ага кол коюудан баш тартышты.

«Пирамида» теле-радиокомпаниясынын кабарчысы Владимир Кулинский мындай кодекс түзүлгөнү менен баары бир иштебейт деген пикирде:

- Буга окшогон нерселер кабыл алына берет. Маселе алардын иштеп кетүүсүндө. Өткөн жылы медиа кеңеш түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын эмне иш кылып жаткандыгын эч ким билбейт.

Ал эми «Кыргыз-инфо» маалымат агенттигинин жетекчиси Турат Акимов кодексте маалымат каражаттарына түздөн-түз байланыштуу эч нерсе жок деп эсептейт:

- Кодексти окуп чыгып, андан массалык маалымат каражаттарына байланыштуу мени ынандырган бир да сүйлөм таба албадым. Бул кодекс футбол талаасындагы он экинчи оюнчуга окшоп, кереги жок болуп калбайбы?

Кодексти түзүүчүлөрдүн бири - "Маданий жана гуманитардык демилгелер" фондунун вице-президенти Адил Турдукулов "мүмкүн маалымат каражаттарына өзүнчө, саясий партияларга жана бейөкмөт уюмдар үчүн өзүнчө кодекс түзүүнүн зарылчылыгы бардыр" деген пикирин билдирди.

Бирок бул дагы журналисттер тарабынан колдоого алынган жок. «МСН» басылмасынын кабарчысы Токторбек Жаналиев кодекс саясий партияларга жана депутаттыкка талапкерлерге гана тиешелүү болуп калган. Ошондуктан аларды калтырып, массалык маалымат каражаттары тууралуу сөздү кодекстен такыр эле алып салуу керек деген ойдо.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө талкууланып жаткан кодекстин айрым эрежелери Кыргыз республикасынын Шайлоо кодексиндеги жоболорго туура келбей калгандыгы жөнүндө да айтылды. «Пирамида» теле-радиокомпаниясынын кабарчысы Владимир Кулинскийдин пикиринде, Шайлоо кодекси талапкерге өзүнүн атаандашына каршы үгүт жүргүзүүгө уруксат берет. Ал эми талкууланып жаткан кодексте тескерисинче болуп калган. Ошондой эле анын айтымында, сөз болуп жаткан кодекс борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан таанылып, анын төрагасы Сулайман Иманбаев кол коймоюнча, жансыз документ бойдон калышы мүмкүн.

Аягында, шайлоо кампаниясынын алдында маалымат каражаттары баары бир Кыргыз республикасынын Шайлоо кодекси жана «Массалык маалымат каражаттары» жөнүндөгү мыйзам боюнча гана иш жүргүзүшөөрүн белгилешкен журналисттер ЕККУ менен "Маданий жана гуманитардык демилгелер фонду" тарабынан сунуш кылынган этикалык кодекске кол коюшпай, таркап кетишти.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG