Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Нарындагы базардын санитардык абалы кайра каралмай болду


НАРЫН. Облустук өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын кезектеги отурумунда соода-сатык жайларынын санитардык абалы талкууланды. "Алгыр" бейөкмөт уюмунун өкүлү Кенже Сатыбалдиева борбордук "Береке" базарындагы тамак-аш сатуучуларды сынга алып, 3 жылдан бери базар айланасында башаламан соода-сатык өкүм сүрүп, санитардык талаптар аткарылбай калгандыгын билдирди. Ачык асман алдында сатылган жумурткалар, көчө жээгинде, үстү жабылбаган челектерде сатылган кымыздар ичеги-карын ооруларынын чыгышына шарт түзүүдө. Кенже Сатыбалдиева ошондой эле, мындай көрүнүштөр шаардагы кафелерде да орун алгандыгын белгиледи. Ал эми шаардын архитектору Нурбек Жаныбеков бул базар жана анын айланасы башкы план долбоорун бузуп иштеп жатканын билдирди.

Жыйында тараптар бир пикирге келишкен жок. Ушундан улам комиссия жакында кайрадан кеңейтилген жыйын өткөрмөй болду.

XS
SM
MD
LG