Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:46

Үч адамды жер көчкү басып калды


БИШКЕК. Баткен районунун Үч-дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кемержурат жайлоосунда нөшөрлөгөн жамгырдан жер көчкү жүрүп, Юнусов Санжар, Керимов Абдибаит жана Азимов Баиш аттуу тургундарды басып калган. Алар мал кайтарып жүрүшкөн. Бул тууралуу Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Акматовдун маалыматына караганда, кайгылуу окуя 14-июнда эртең мененки саат сегизде болуп, Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Баткен областтык бөлүмүнө 16-июнь күнү кечинде кабарланган. "Биздин он эки адамдан турган куткаруучулар 17-июнь күнү таң эртең менен Кемержурат жайлоосуна жөнөп кетишти. Азырынча кырсык болгон жерден кошумча маалымат боло элек» деп кошумчалады Эмил Акматов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG