Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

ПРЕЗИДЕНТКЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН КАТАРЫ АРБЫДЫ, КАРАСУУДА ЖАҢЫ АЙЫЛ КУРУЛУУДА


Алай менен Каракулжанын табигый кырсыкка кабылган айылдарында жашаган элеттиктер түз жерге көчүрүлүп, жаңы айыл болуп отурукташууда. Парламент президент А.Акаев сунуш кылган мыйзам долбоорун четке какты. Эгер ал депутаттар арасында колдоо тапса журналисттерге каршы кылмыш ишин козгоого тыюу салынмак. Кыргыз басылмаларында президентке талапкер болчу инсандар тууралуу божомол кептер арбын жарыяланууда.

Алайдын Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кайнама жана Алайкуунун кооптуу жерлеринен түзгө көчүрүлгөн элеттиктердин жаңы эки айылы жакын арада Карасуу районунда пайда болорун бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазды. Азырынча 78 үйдүн жерпайы түптөлүп, айрымдарынын дубалдары көтөрүлүүдө.

Ушул эле басылмада «Депутаттар бетин жаап жүргүдөй Гүлчөтай эмес» деген макала жарык көрдү. Анда парламент депутаттары президенттин жаңы мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшканы маалымдалат. Парламенттен мыйзам долбоору колдоо тапканда журналисттерге каршы кылмыш иши козголбой, күнөөлүү делинген жазмакерге олчойгон оор айыппул салынмак. Ушуну менен демократ депутаттар үчүнчү ирет президенттин сөз эркиндигин коргоо аракетине бут тосуп отурушат, деп белгилейт А.Алланов.

Депутаттар сөз эркиндигине каршы экендигине бейшембидеги «МСН» гезитинде Рина Приживойт да кайрылган. Кылмыш кодексиндеги 127-беренеси - «Ушактоо» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын 99,9% журналисттер, деп белгилейт автор. Бул маселенин узарган эки учу бар, дейт ал. Депутаттар бийликтин көзүн караган маалымдоо каражаттарынын уртокмогуна калгысы келишпейт. Р.Приживойттун маалымдашынча, буга чейин бир да өкмөттүк гезитке олчойгон оор айыппул салынган жок. Жеке адамдын аброюн түшүргөн макалалар аларда деле арбын жарыяланат. Ушу тапта Мисир Ашыркуловду жаманатты кылуу аракети күч алууда. Бирок да Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы гезиттерди сотко берген менен, аны утуп чыгышы күмөн, дейт макала автору.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкө жетекчилеринин Ташкен жыйынында кыргыз-кытай автожолун куруу, темир жолдун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жумуштары жакын арада башталаары кабарланганын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды.

Эмдиги жылдын этегинде өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлердин атын эмитен атап, элди дүргүтүүнүн кажети жоктугун бейшембидеги «Трибуна» гезитинде Ырысбек Өмүрзаков жазды. Автордун ырасташынча, артында үркөрдөй топ тарапкерлери бар шайлоо бирикмелери дымактуу билдирүүлөрдү жасоого өтүштү. Гезиттин маалыматына караганда, «Теңир Ордо» эларалык кору Дастан Сарыгуловду президенттикке талапкер катары көрсөтүшкөн.

Жаңы президенттик талапкер тууралуу жума күнкү «Бишкек таймс» гезити да жазды. Аны басылманын жооптуу катчысы Базарбай Гапаровдон уксак:

- «Теңир Ордо» коомдук кору Дастан Сарыгуловду президенттикке көрсөткөн. Ушул теманы уланткан «2005: шайлоо алдындагы так таймаш» деген макала жарыяланды. Макалада эмдиги жылы өтүүчү парламенттик жана президенттик шайлоого даярдыктар тууралуу кеп болот.

«Агым» гезитинде жарыяланган материалдар тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып берет:

- Азыркы саясий кырдаал тууралуу Накен Касиев, Адахан Мадумаров, Турсунбек Акун, Феликс Кулов, Мисир Ашыркуловдун маектерине орун берилди. Анда шайлоо даярдыгы, саясий партиялардын аракет-кыймылы тууралуу кеп болот. «Учкун» гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониевдин маеги жарыяланды.

«Кыргыз руху» гезитинин жооптуу катчысы Уулкан Токторалиеваны кепке тарттык:

- Гезитибиздин бүгүнкү санында губернатор Накен Касиевдин облустун жетишкендиктери, Сузак районунун акими Турдуназир Бекбоевдин райондогу абал тууралуу маектери жарыяланды. «Президенттикке ким татыктуу?» деген макала, профессор Ишенгүл Болжурованын достук, саясат жөнүндөгү маегине орун берилди. «Туран» партиясынын жетекчиси Эмир Сарпашев тууралуу макала жарыяланды.

Сөз кезеги «Аалам» гезитинин башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаевде:

- Учурунда Кыргызстанды башкарган аксакалдар – Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, кыргыз коомчулугуна белгилүү аксакалдар катышкан гезиттин «Кереге кеңеши» болуп өттү. Ошол жөнүндө толук маалымат жарыяланды. Андан тышкары баяндамачыбыз Талас уулу Семетейдин материалы жарыяланып жатат.
XS
SM
MD
LG