Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

ОРУСИЯДА АЯЛДАРДЫ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШ ЖҮРҮҮДӨ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын Приморский крайында 16-июнь күнү чет өлкөлөргө сатууга жөнөтүлө турган 72 кыз-келин кылмышкерлердин торунан бошотулду. Аларды сексуалдык кулчулукка мажбурлоо үчүн алып баратышкан экен. Аялдарды сатууга аракеттенген кылмышкерлердин тобу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлдү.

Бейшембиде Кишинев шаарында Шериктеш мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны аяктады. Анда талкууга алынган бир катар олуттуу маселелердин арасында аялдарды чет өлкөгө сатуу проблемасына өзгөчө басым жасалды.

Бул да бекеринен эмес. Сексулдык зомбулук үчүн аялдарды азгырып, сатуу акыркы мезгилде терроризм, маңзаттардай эле орчундуу машакатка айланды.

Жыйында Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев дагы бир маалыматы менен таңкалтырды:

- Приморский крайында шаршемби күнү жаш кыз-келиндерди азгыруу менен аларга жасалма документтерди даярдап, Түндүк Америка, Африка жана Азия мамлекеттерине сатуу иши менен машыккан адамдар кармалды.

Кылмышкерлер документтерди даярдаганга чейин кыз-келиндерди атайын үйлөрдө жашырып, күч менен кармап турушкан. Эларалык кылмыш топторунун колуна орусиялык жана бир катар КМШ мамлекеттеринен келишкен кыз-келиндер түшкөн. Алар «кожоюндарына» киреше алып келе баштаган:

- Кылмышкерлерден 500 миң доллар акча жана чет өлкөгө сатууга жөнөтүлүп жаткан 72 кыз-келиндердин паспорттору табылды.

Эксперттердин баамында, аялдарды сатып иштегендердин кирешеси, адатта, алардын чыгашасына караганда 20 эсеге көп болот. Мисалы, сатылган бир эле аял жылына 100 миң доллардын тегерегинде акча берет.

Анткен менен Орусиянын Кылмыш кодексинде адам сатуу ишин жазага тартуучу берене былтыркы жылдын аяк чендеринде гана кабыл алынган. Буга бир чети, швециялык кинорежиссер Лукас Мудиссондун «Лиля түбөлүккө» (“Lilya 4 ever”) кинотасмасы да түрткү болгондугу маалым. Анда орусиялык 16 жаштагы кыздын кылмышкерлерге алданып, чет мамлекетке сатылгандыгы тууралуу айтылат. Фильм Орусияда көрсөтүлгөндөн соң укук коргоочулар өлкөнүн Кылмыш кодексиндеги кемчиликтерди катуу сынга ала башташкан.

Бул өңдүү сындын деми менен аялдарды сатуу бизнесине каршы коомдук пикирдин да күчөгөндүгү маалым. Бирок байкоочулардын баамында, бул - орус жергесинде аялдарды сатууга каршы күрөш күчтүү дегенге жатпайт, тетирисинче, бул тууралуу коомчулукта маалымат аз жана кылмышка укук коргоо органдары да тартылганынан кабар берет. Мисалы, аялдарды сатып жаткан кылмышкерлер үчүн укук коргоо органдары менен тил табышуу татаал деле эмес.

XS
SM
MD
LG