Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Ирактагы америкалык чиновник сотко чакырылууда


Бүгүн Американын Ирактагы убактылуу администрациясын башкарган Пол Бремер соттун чакыруусун четке какты. Аны Ирактагы журналисттердин кесиптик кошууну сотко берген. Пол Бремерге Ирак өкмөтүндөгү Маалымат министрлигин мыйзамсыз жоюп салды деген доомат тагылууда. Бул министрлик жоюлгандан кийин Иракта жүздөгөн журналисттер жана мамлекеттик кызматкерлер жумушсуз калышкан.

Пол Бремер сотко эмне үчүн барбаганын, жок дегенде адокатын жибербегенин түшүндүргөн жок. Ал эми ирактык журналисттердин кызыкчылыгын коргоп аткан юрист Ахмед-Аль-Хадисинин айтымында,
30-июлда өткөөл өкмөткө бийлик өткөндөн кийин ал Америкага кайткан күндө да Ирак сотунун алдында жооп берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG