Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Ардагер дипломаттар Жорж Бушту сынга алууда


Отставкадагы дипломаттар менен аскерий кызматкерлердин оюнда, Ирактагы башаламан жана өлкө үчүн өтө кымбатка туруп аткан согуш Америка Кошмо Штаттарынын коопсуздугун начарлатты. Кечээ Американын мурдагы 27 кызматкери кол койгон билдирүүдө Жорж Буштун аскерий кудуретке таянган тышкы саясаты Американы салттуу союздаштарынан кол үздүрүп, Бириккен улуттар уюму менен мамилесине чагым салды. Отставкадагы дипломаттардын билдирүүсүндө “АКШнын тарыхында буга чейин башка улуттардан бөлүнүп, алар тараптан өз дарегине ишенбөөчүлүктү жана коркууну сезген мындай күндөр болгон эмес” деп жазылган.

Эскерте кетели, ушул жылы Британиянын отставкадагы 52 дипломаты Тони Блэрди Ирак согушунда Жорж Бушту колдогону үчүн сындап чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG