Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Шанхай уюмунун жыйыны соңуна чыкты


Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытайдын мамлекет башчылары чогулду. Конок катары Ооганстандын президенти Хамир Карзай катышты. Ал эми Монголиядан барган делегацияга байкоочу статусу берилди.

Бүгүн мамлекет башчылар Шанхай кыхматташтык уюмунун Ташкендеги антитеррордук борборун ачышты. Орусиянын президенти Владимир Путин жалпы коопсуздукту сакташ үчүн алты мамлекет тең болгон күчүн жумшашы керек деди:

- Регионалдык бардык күчтү жумшоо менен биз олуттуу жыйынтыктарга жетише алабыз. Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык деңгээлдеги абройу дал ушундан көз каранды.

Алты мамлекет мындан ары террорго каршы чогуу күрөшүү максатында укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын машыгууларын өткөрүүнү чечип, коопсуздук жана коргонуу тармагында бир катар келишимдерге кол коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG